Талас шаарында прокуратурада иштегендер үй-жайлуу болду. Сүрөт

Кызматтык үй төрт кабаттуу жана 32 батирден турат. Анын ачылышына башкы прокурор Курманкул Зулушев катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Талас облустук прокуратурасынын кызматкерлерине кызматтык батирлер берилди. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органы кабарлады.
Талас шаарындагы кызматтык үйдү пайдаланууга берүү аземине башкы прокурор Курманкул Зулушев өзү катышкан. Төрт кабатуу үй 32 батирден турат.
1 / 3

Талас облустук прокуратурасынын кызматкерлерине кызматтык батирлер берилди.

2 / 3

Талас шаарындагы кызматтык үйдү пайдаланууга берүү аземине башкы прокурор Курманкул Зулушев өзү катышкан.

3 / 3

Төрт кабатуу үй 32 батирден турат.

Зулушев прокуратура органдарынын кызматкерлери мамлекеттин укуктук тутумун чыңдап, кандай гана климаттык шарт болбосун өзүнүн конституциялык милдеттерин кынтыксыз аткарууга тийиш экендигин белгилеген.
Иш-чарага президенттин Таластагы өкүлү Бакытбек Нарбеков, облустук прокуратура органдарынын жетекчилиги жана өздүк курамы, прокуратура органдарынын ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан.
Президенттин облустагы өкүлүнүн маалымат кызматы белгилегендей, Талас облустук прокуратурасынын аракетинин негизинде жеке менчикке өтүп кетип кароосуз калган имарат сот аркылуу прокуратуранын балансына өткөрүлгөн. Ал имаратка мамлекеттик бюджеттен 20 миллион сом бөлүнүп, төрт кабаттуу имарат толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөн.
Облус башчысы Бакытбек Нарбеков үйдүн алдындагы балдар ойноочу аянтка "Бакубат Талас" фонду тарабынан 500 миң сом акча каражатын бөлдүрүп бергени айтылды.
Ысык-Көлдө УКМК кызматкерлери үйлүү болду. Сүрөт