Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Казакстан мисал. Путин Россия КМШ өлкөлөрүнүн суверенитетин сыйлаарын айтты

Бүгүн Россия лидери Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин россиялыктарга кайрылып жатып мурдагы советтик өлкөлөрдүн аймагында курулган мамлекеттерди сыйлап келгендигин жана мындан ары да сыйлаарын айтып, анын мисалы катары Казакстандагы окуяларды келтирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Россия СССР кулагандан кийин жаңы геосаясий реалдуулуктарды кабыл алды. Биз мурдагы советтик өлкөлөрдүн аймагында курулган мамлекеттерди сыйлап келгенбиз жана мындан ары да урмат менен мамиле кылабыз. Буга мамлекеттин бүтүндүүлүгүнө кооптуулук жаралып, трагедиялык окуялар менен кагылышкан Казакстанга көрсөткөн жардам күбө", — деген Путин.

Бүгүн Россия лидери Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Үйлөрүнө кайткандай. Донецк жана Луганскинин таанылышы тууралуу ой толгоо