ЖКККББнын башчысы оң рулдуу унааларга каршылыгынын негизги себебин айтты

Исраиловдун айтымында, үч-беш жана он адам набыт болгон кырсыктардын 60 пайызы он рулдуу транспортторго туш келет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстанда көп адамдын өмүрүн алган жол кырсыктарынын 60 пайызы оң рулдуу унааларда катталат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчиси Азамат Исраилов парламентте билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө 1,5 миллионго чукул автоунаа болсо, анын 150 миңи оң рулдуу.
"Оң рулдуу унаалар жалпы транспорттун 10 пайызын камтыганына карабастан катталган жол кырсыктарынын 25 пайызын түзөт. Ал эми кесепетинен каза болгондордун 25 пайызы ушуларга таандык. Эң эле терс жагы — оор жана өтө оор кесепеттер менен коштолгон жол кырсыктарынын себепчиси болот. Үч-беш жана он адам набыт болгон кырсыктардын 60 пайызы он рулдуу транспортторго туш келет. Ошондуктан биз андай унааларды киргизгенге каршыбыз", — деди Исраилов.
Депутат Гүлшаркан Култаева "эгер такси кызматына чыкпай, жеке өзү үчүн айдаса уруксат берсе болобу?" деп сурады.
Анда Исраилов өлкөдө такси кызматтары жөнүндө мыйзам жок болгондуктан бөлүп кароо же көзөмөлдөө мүмкүн эместигин билдирди.
Кызыл чеке кылган оң рулдуу унаалар: бийлик менен элдин пикири эки башка