Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Столтенберг: Украинага аскер жөнөтүү НАТОнун планында жок

НАТОнун башкы катчысы Украинаны колдоорун, бирок коопсуздук боюнча туруктуу кепилдикти НАТОнун гана союздаштарына берерин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Украинанын аймагында НАТО күчтөрү жайгашкан эмес жана аларды аталган аймакка жөнөтүү планы жок. Бул тууралуу аталган альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг атайын өкүлдөрдүн Брюсселде өткөн отурумунун жыйынтыгында айтканын РИА Новости билдирди.
"Украинанын аймагында НАТО күчтөрү жайгашкан эмес жана аларды аталган аймакка жөнөтүү пландарыбыз жок. Биз Украинаны колдойбуз, бирок коопсуздук боюнча туруктуу кепилдикти НАТОнун гана союздаштарына беребиз", — деди ал.
Бүгүн, 24-февралдын таңынан тарта, Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача, курчуган өңүттө өнүгө баштады. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды. Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бардык аймагына согуштук абал киргизилип жатканын билдирди.
Ал арада бир катар батыш мамлекеттери бул чечимди сындап, БУУнун башкы катчысы Украинадагы жаңжалды тез арада токтотууга чакырды.
Ал эми Путин буга чейинки сүйлөшүүлөр жыйынтык бербегендигин, Россиянын НАТОну кеңейтпөө боюнча сүйлөшүү аракетинен майнап чыкпагандыгын билдирди. Андан сырткары, Путин россиялыктарга жана украин аскерлерине кайрылып жатып Украинанын бийлигинин кылмыштуу буйруктарынан баш тартууга чакырган. Эгер кан төгүлүп кетсе жоопкерчилиги Украинаны башкарган режимде болорун белгилеген.
Керек болсо киребиз. Лукашенко Украинага аскер жиберүү боюнча үн катты