Жок калды. Бишкектеги акча алмаштырган кээ бир жайлар доллар сатпай жатат

Бишкектеги банктардын биринин төлөм картасында доллардын 95 сомго чыгып кеткени белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бишкектеги акча алмаштырган жайлардын биринде доллар жок деп айтышты.
"Баарын сатып жибердик, жок калды. Сурагандар көп болуп жатат", — дешти бюродон.
"Альянс" акча алмаштырган жайлардын ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов америка валютасына суроо-талап бар экендигин, "бирок пандемия учурундагыдай күчтүү эместигин" кошумчалады.
1 / 3

Бишкектеги акча алмаштырган жайлардын биринде доллар жок деп айтышты

2 / 3

"Альянс" акча алмаштырган жайлардын ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов америка валютасына суроо-талап бар экендигин, "бирок пандемия учурундагыдай күчтүү эместигин" кошумчалады

3 / 3

"Оптима" банкынын сайтында доллар менен еврону сатып алган курстар гана көрсөтүлүп, ал эми "сатуу" деген жеринде ноль сандары коюлган

"Оптима" банкынын сайтында доллар менен еврону сатып алган курстар гана көрсөтүлүп, ал эми "сатуу" деген жеринде ноль сандары коюлган. Мунун эмнеден улам болгондугун жана доллар эмнеге сатылбай жатканын тактоого мүмкүн болгон жок.
Анткен менен төлөм карталарында бир топ жогорку баа менен турат.
Доллар — 95 сом;
Евро — 102 сом.
Бишкекте рублдин сомго карата баасы кыйла түшүп кетти