Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Небензя: Киев Донбасска каршы чагымчылдыкты токтотуу чакырыгын уккан жок

Россиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү Небензя Укранина Донбасска каршы чагымчылдыгын токтотпой жаткандыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. – Sputnik. Киев ДЭР менен ЛЭРге каршы чагымчылдыкты токтотуу боюнча Россия чакырыгын уккан жок. Бул туурасында Россиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү Василий Небензя аталган уюмдун Коопсуздук кеңешинин өтүп жаткан жыйынында айткандыгын РИА Новости жазды.
"Өкүнүү менен айта кетчү нерсе, биздин ЛЭР жана ДЭРге каршы чагымчылдык отун токтотуу зарылдыгын айтканыбызды Киев уккан жок. Украиналык кесиптештерибизди бир катар мамлекеттер акыркы мезгилдери активдүү куралдандырып, шыкактап жатат. Батыш кураторлорунун "батасы" менен алар Донбасс маселесин чече алабыз деп жаңылуудан арылган жок", — деди Небензя.
Бүгүн таңдан тарта Укранина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүттө өнүгө баштады. Буга чейин Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жашоочуларын эвакуациялоо токтой элек. Россия лидери Владимир Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Украинанын шаарларында жарылуулар болду