Евробиримдик Россияны SWIFT системасынан чыгарууну талкуулап жатат

SWIFT — бул дүйнөдөгү бардык финансылык уюмдардын жүргүзүлгөн операциялар боюнча маалымат алышып-беришип турчу системасы.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Евробиримдикке кирген мамлекеттер Украинадагы окуяларга байланыштуу Россияны SWIFT эл аралык банктык төлөм системасынан чыгарууну талкуулап жатат. Бул тууралуу CNN Брюсселдеги маалымат булагына таянып билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин Кыргызстандын Улуттук банкы Россияны SWIFT системасынан чыгарып коюшса, Кыргызстандын маалымат алышуучу башка каналы бар экенин билдирген. Мындайча айтканда, SWIFT системасы Россияда өчүрүлгөн күндө дагы техникалык жактан Кыргызстанга таасир этпейт.
SWIFT — бул дүйнөдөгү бардык финансылык уюмдардын жүргүзүлгөн операциялар боюнча маалымат алышып-беришип турчу системасы.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Байден: АКШ союздаштары менен Россияга каршы катаал санкцияларды киргизет