Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

БУУнун башкы катчысы Украинадагы жаңжалды тез арада токтотууга чакырды

БУУнун башкы катчысы журналисттерге Донбасстагы кырдаал анын карьерасындагы эң кайгылуу учур экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттереш Украинадагы жаңжалды токтотууга чакырганын РИА Новости жазды.
"Бул конфликт мына азыр токтошу керек", — деди Гуттереш.
БУУнун башкы катчысы журналисттерге Донбасстагы кырдаал анын карьерасындагы эң кайгылуу учур экенин белгилеген.
Гуттереш РФ президенти Владимир Путинди аскерин кайтарууга, кылым башынан берки Европадагы эң оор согушка жол бербөөгө чакырды. Анын айтымында, согуш Украинаны гана кыйратып, Россия үчүн эле кыйынчылык жаратпайт.
"Глобалдуу экономика, коронавирустан кийин калыбына келтирүү процесстерине тийгизчү кесепетин биз азыр элестете албашыбыз мүмкүн. Экспорт токтогон шартта нефтинин баасы жогоруласа көптөгөн өлкөлөр кыйынчылыкка тушугат", — деди Гуттереш.
Ал ошону менен бирге эле Украинадагы согуштан Россия көбүрөөк жабыркай турганын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: кан төгүлүп кетсе жоопкерчилик Киев режиминин абийиринде болот