Эч нерсе кылгысы келбеген балага кантип жардам берсе болот. Адистин жообу

Адис балада кайсы бир нерсеге каалоону пайда кылыш үчүн стимул берип туруу керектигин айтат. Тагыраагы, жөн гана мактап эмес, анын адам катары маанилүү экенин түшүндүрүү зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бүткүл россиялык "Вдохновители" кыймылынын жетекчиси Михаил Палей баланы чүнчүтүп, артка тарта турган жагдайларды РИА Новости агенттигине курган маегинде санап өттү.
Анын айтымында, баланын каалоосун өлтүрө турган биринчи учур — бул ата-энесинин бир нерсени таңуулоосу.
"Айрым ата-энелер баласына өзү үчүн бош убакыт калтырбай, болгон-бүткөн ийримдерге, спорттук секцияларга алып барууга аракет кылышат. Мындай учурда бала ата-эне тараптан кысым болуп жаткансып, ага каршы тургусу келет. Башкача айтканда, ошол нерсенин баарынан качат", — деди адис.
Ошондой эле ал баланы чүнчүтө турган жагдайлардын бири теңтуштары тараптан түшүнбөстүк экенин айтат. Анткени балага кайсы бир куракта досторунун пикири өтө маанилүү жана алар колдобосо өзү сүйгөн нерседен дагы баш тартып коюшу мүмкүн.
Мындан тышкары, Палей балада кайсы бир нерсеге каалоону пайда кылыш үчүн стимул берип туруу керектигин айтат. Тагыраагы, жөн гана мактап эмес, анын адам катары маанилүү экенин түшүндүрүү зарыл.
Баса, адис мындай учурда кыз менен балага эки башкача мамиле керектигин кошумчалады. Мисалы, эркек баланы кылган иши үчүн макташ керек болсо, кызга алдын ала жылуу сөздөрдү айтып туруу маанилүү.
Сүйүүдөн "башын жоготкон" өспүрүмгө ата-эне кандай жардам бере алат? Кеңеш