Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Байден: АКШ союздаштары менен Россияга каршы катаал санкцияларды киргизет

Еврокомиссия башчысы Урсула фон дер Ляйен Россиянын Донбасстагы аскердик операциясын сынга алып, Москваны жоопко тарта турганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. АКШ союздаштары жана өнөктөштөрү менен бирге Россияга каршы катаал санкцияларды киргизет. Бул тууралуу АКШ президенти Жо Байден билдиргенин РИА Новости жазды.
Билдирмеге караганда, Байден бейшемби күнү Украина президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтып, Зеленскийдин андан жана башка дүйнө лидерлеринен Россияга каршы оюн билдирүүсүн жана Украинаны колдоону суранганын белгилеген.
"Эртең мен G7 мамлекеттеринин лидерлери менен сүйлөшүү өткөрөм. АКШ союздаш, өнөктөштөрү менен Россияга каршы катаал санкцияларды киргизет", — деген Байден.
Ал арада Еврокомиссия башчысы Урсула фон дер Ляйен Россиянын Донбасстагы аскердик операциясын сынга алып, Москваны жоопко тарта турганын билдирген.
Россиянын Донбасстагы аскердик операциясын сынга алгандардын катарында Дания, Нидерланд, Чехия жана башка мамлекеттер бар. Нидерланд мамлекетинин премьер-министри Марк Рютте бул маселе боюнча Евробиримдик жана НАТО менен байланышта экенин билдирсе, Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский Россиянын аскердик операция боюнча чечими эл аралык укукка каршы келерин айтып, жооп болорун кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: кан төгүлүп кетсе жоопкерчилик Киев режиминин абийиринде болот