Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев кызматынан бошотулуп, башка ишке өттү

Документке мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду. Жунушалиев бул кызматка 2021-жылдын август айында келген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кызматтан кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Документке мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон. Жунушалиев бул кызматка 2021-жылдын август айында келген болчу.
Маалыматта Жунушалиев Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде президенттин администрациясынын жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.
Нарын шаарынын жаңы дайындалган мэри кызматка киришти. Сүрөт