Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Байден Россияга каршы санкция киргизди. Москванын реакциясы

Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремль Байдендин Украина боюнча билдирүүсүн көрбөгөнүн, бул учурда РФ башчысы жумушчу жыйынын өткөргөнүн айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден Донбасстагы кырдаал боюнча билдирүү жасап, Россияга каршы жаңы санкцияларды киргизгенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Байден жаңы санкциялар АКШнын экономикасына да таасирин тийгизе турганын белгилеп, бирок америкалыктар кымбатчылыкка жол бербей турганын убадалаган.
Байдендин Россияга каршы санкциялар боюнча билдирүүсүнүн урунттуу учурлары:
АКШ санкцияларды Москванын Украинага болгон мамилесине жараша катаалдаштырып турат;
Байден Россия республикаларды таануу менен Украинага басып кирүүнү баштады деп эсептейт. Вашингтон Киевге коргоо жаатында жардам берүүнү улантат;
Азыр Россия менен анын ВЭБ корпорациясынын (Россиянын мамлекеттик инвестициялык банкы) карызына карата чаралар киргизилүүдө. Ал эми 23-февралда Россия элитасына карата чаралар киргизилет. Мындан тышкары, АКШ Германия менен "Түндүк агым-2" долбоорун иштетүүнү токтотуу боюнча иштеп жатат;
Россияга каршы санкциялар АКШга да таасирин тийгизет, бирок Байден АКШ экономикасын коргой турганын убадалады;
Прибалтиканы коргоо үчүн АКШ Европадагы аскер күчүн бекемдейт. Ошол эле учурда Россия менен согушууну каалабайт;
Байден дипломатияга дагы мүмкүнчүлүк бар деп үмүттөнөт.
Ал арада Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремль Байдендин Украина боюнча билдирүүсүн көрбөгөнүн, бул учурда РФ башчысы жумушчу жыйынын өткөргөнүн айткан.
"Жок. Көргөн жокпуз. Президент жумушчу жыйынын өткөрүүдө", — деген Песков.
Донбасста акыркы күндөрү абал бир топ курчуп кетти. ДЭР менен ЛЭР украиналык күч түзүмдөрү тарабынан бир нече ирет аткылоо болгондугун билдиришкен. Аталган республикалардын башчылары Россиянын Ростов облусуна жарандарды убактылуу эвакуациялоо иштери башталган. ДЭР башчысы Денис Пушилин Украина президенти Владимир Зеленский жакынкы аралыкта аскерлерге Донбасска басып кирүү боюнча буйрук берерин айткан. Ишемби күнү эки республиканын лидерлери жалпы жарандарды мобилизациялоо туурасында жарлыкка, ошондой эле достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу боюнча келишимге кол койгон.
Ал эми дүйшөмбү күнү президент Владимир Путин эки республиканын көз карандысыздыгы тааныла турганын айтып, чечимди Мамлекеттик дума менен Федерация кеңеши ратификациялап берген.
Россия ДЭР жана ЛЭР менен дипломатиялык мамиле түздү