Аскердик бөлүк жолдон нечен азапты башынан өткөрөт. "Чоң оюндагы" кандуу тирешүүдө полк такшалып, нечендеген жоокеринен ажыраган. Колумнист Алмаз Батилов 860-полктун офицери, отставкадагы полковник, афган согушунун ардагери, Кызыл жылдыз ордени жана СССРдин 1-даражадагы Аскердик кызматын мыкты өтөгөнү үчүн медалы менен сыйланган Александр Болотин менен маектешти.
860-полктун офицери, отставкадагы полковник, афган согушунун ардагери, Кызыл жылдыз ордени жана СССРдин 1-даражадагы Аскердик кызматын мыкты өтөгөнү үчүн медалы менен сыйланган Александр Болотин
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Кайсы аскердик окуу жайды бүттүңүз эле?
— Тбилиси шаарында 1954-жылы 31-июлда төрөлгөм. Ата-энем Грузияга Ростов-на-Дону калаасынан көчүп келген. 1971-жылы Тбилисиден мектепти бүтүп, шаардагы жогорку командалык артиллериялык училищеге өтүп, төрт жылдан кийин аны ийгиликтүү аяктадым. Аскердик жолумду Казакстандын Семей калаасы менен Зайсан районунда баштадым. 1976-жылы командачылык мени Рыбачье (азыркы Балыкчы) шаарындагы 30-өзүнчө мотоаткычтар полкуна которду. 1977-жылы жубайым Галина менен баш коштум. Анын ата-энеси Фрунзеде турушчу. Жогорудагы бөлүктө эки жыл аскердик кызматымды өтөдүм.
— 860-өзүнчө мотоаткычтар полкунда аскердик кызматыңызды уланткан турбайсызбы?
— 1978-жылы жетекчилик Ош калаасында жайгашкан бул полкко жиберди. Ал жерде миномёттук батареянын командири болуп дайындалдым. 1979-жылы майда улуу кызым Аня төрөлдү. Бул аскердик бөлүктө кыргызстандык офицерлер Жумалы Кубатов, Таалайбек Садыров, Александр Рубанов, Насипбек Абдыбеков, Иван Панченко, Владимир Хуторной жана башка кыргызстандык прапорщиктер бар экен. Рубанов менен Тбилисиде аскердик окуу жайда чогуу окуганбыз.
860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун офицери Александр Болотин контузиядан кийин. 1980-жыл, апрель. Түндүк Афганистан, Бадахшан чөлкөмү
© Фото / Из личного архива Александра Болотина.
— 1979-жылы декабрдын аягында сиздин бөлүк Түндүк Афганистандын Бадахшан аймагына кирерин билдиңиз беле?
— Жок. Марштын алдында Хорогго чейинки аскердик карталарды алдык. Андан кийин полктун өздүк курамы менен аскердик техниканы даярдадык. Элүү чакырымга чейин маршка чыгып жатканбыз, эмне максатта мындай даярдык жүрүп жатканына таң калдык. Жетекчилик аскердик машыгууга барабыз деген гана жоопту айтты. Бир аз убакыттан кийин жылуу тон, чокой жана көз айнектерди алдык. Машыгуу Сибирде өтсө чокой, тон кийип барабыз, көз айнектин эмне кереги бар деп дагы таң калдык. 22-декабрда командачылык офицерлерге Түндүк Афганистандын Бадахшан чөлкөмүнө кире турганыбыз жөнүндө маалымат берди. Ошол учурда полктогу офицерлер менен прапорщиктер казармада жашап калдык. Коңшу аскердик бөлүктө аба-десант полку жайгашкан болчу. 1978-жылдан баштап ушул бөлүктүн офицерлери Афганистанга барып жана кайра келип жатканын укканбыз. 23-декабрда түнкү саат 11.00дө командачылык Ош — Хорог — Файзабад маршына чыгууга буйрук берди. "Үй-бүлөңөр менен коштошкула, аскердик машыгууга жөнөп жатабыз деп айткыла" дешти.
860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун жоокерлери Бадахшан аймагынын тургундары менен Файзабадга кетчү жолду салып жаткан учуру. 1980-жыл, январь. Түндүк Афганистан. Архивдик сүрөт
© Фото / Из личного архива Александра Болотина
— Жубайыңызга Афганистанга кетип жатканыңызды айттыңызбы?
— Жок, машыгууга кетип жатам дедим. Бирок аскердик шаарчанын тургундарынын арасында Афганистанга кетип жатканыбыз айтылыптыр. 24-декабрда эртең менен саат 9.00дө полк Оштон чыгып бара жаткан учурда көчөдөгү эл томсоруп, боор ооруп карап, колдорун булгалап коштошту. Муну көргөндө ого бетер түпөйүл болдук.
— Марш учурунда кандай кыйынчылыктар болду?
— Алай районунун Сары-Чат айылына келип тыныгууга уруксат берилди. Ошол убакта суук 40 градуска чыгып жаткан. Чатырларды тигип, тоң жерге казыктарды араң кактык. Биринчи кезекте айдоочулар менен механик-айдоочуларды эс алдырдык. Анткени алардан жашообуз көз каранды эле. Эртеси жолго чыкканда катуу шамал уруп, туман басты. Ашуулардан өткөн маалда техника бузулуп жатты. Айдоочулар менен механик-айдоочулар 30 градус суукта мээлей кийбей оңдоп жатышты. Колдору канап кыйналганына карабастан ашуулардагы тайгак жолдордон чеберчилик менен алып өтүштү. Марш учурунда буларга сөзсүз түрдө сухарь жедирчүбүз, уйкусу ачылып кетчү. Сары-Таштан баштап Мургабга чейин полктун аскердик техникасы 100 чакырымга созулду. 27-декабрда кечинде Тажик ССРинин Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорогго келдик. Ал жерде бир жума дем алып, мончого түштүк.
Жергиликтүү өспүрүмдөр 860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун аскери менен. 1980-жыл, февраль. Түндүк Афганистан, Бадахшан чөлкөмү, Файзабад шаары
© Фото / Из личного архива Александра Болотина
— Жолдон тамак-ашты кандай даярдап жаттыңар?
— Бизге маршка чыгардын алдында гүлазык берилген. Менин карамагымда сегиз "ГАЗ-66" оор автоунаа бар эле. Жолдон кетип бара жаткан убакта бул автоунаанын кыймылдаткычына гүлазыкты коюп жылытчубуз. Эс алууга буйрук берилгенде жоокерлер аны жешчү.
— Афганистандын Бадахшан чөлкөмүнө кирүүгө кайсы күнү буйрук берилди?
— 31-декабрда Жаңы жылды тосууга камданып жаткан маалда Кытайдын "Синьхуа" маалыматтык агенттиги радио аркылуу СССР Афганистанга армиясын киргизди деп орус тилинде кабарлады. Мындан сырткары, бул максатта Оштон Хорогго 860-өзүнчө мотоаткычтар келди деди. Себеби мынча сандагы аскердин жолдон кетип бара жатканын жашырууга мүмкүн эмес эле. Расмий Пекиндин чалгын кызматы спутниктен көргөн. 9-январда корпустун командири генерал-лейтенант Иван Пеньков полктун чалгын ротасы менен биздин батальонго совет-афган чек арасынан өтүп, Афганистанга рейд кылгыла деп буйрук берди. БМПга отуруп чек арадан өтүп, биринчилерден болуп Түндүк Афганистандын Бадахшан аймагына кирдик. Биз менен чогуу полктун командиринин орун басары подполковник Артуш Арутюнян кирди. 30 чакырым жүргөндөн кийин моджахеддер БМПны аткылай баштаганда согушка келгенибизди түшүндүк. Жетекчилик "козголоңчуларга ок чыгарбагыла" деп буйрук бергенине карабастан, Арутюнян аларды курчоого алды. Моджахеддер айласыздан артка чегинди. Биринчи жолу курал-жарак олжолодук. 1980-жылы 10-январда полк Бадахшанга кирди.
860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун 2-ротасынын ага лейтенанты Иван Панченко. 1980-жыл, жаз. Түндүк Афганистан, Бадахшан чөлкөмү
© Фото / Из личного архива Александра Болотина
— Аймактын борбору Файзабад шаарына 18 күндө жеткен турбайсыздарбы?
— Аскердик унаа жүрө алчу жол жок экен, баары эле кууш жолдор. Бир жагынан жортуулубузду уланттык. Экинчи жагынан моджахеддер жолго ар түрдүү тосмолорду коюп, кол салып жатышты. Анын үстүнө капчыгайлардан салгылашуу оор болду. Мисалы, бир бооруна биз чыгып ок чыгарсак, анын үстүнкү бетинде козголоңчулар жайгашып бизди аткылап жатты. Бир сөз менен айтканда, тоодо согушканды үйрөндүк. Советтик аскердик жетекчилик армия тоодон согушат деп ойлогон эмес. Полктошторубуздун айрымдары окко уча баштады, кээ бирлер жарадар болушту. Кокча дарыясынан өтчү көпүрөнү моджахеддер жардырып, БМПларды дарыяга айдап киргизип көпүрөнүн ордуна тизип жоокерлерди башка жээкке өткөргөн учурлар болду. Марштын учурунда 30-40 мүнөт уктачубуз. Тамак-аштан кыйнала баштадык. Файзабаддан тик учактар азык-түлүк ташыды. 28-январда Бадахшан аймагынын борборуна жеттик. Полкту Файзабаддан он чакырым алыстыкта Сангиуздан тоосуна жакын жайгаштырууга буйрук берилди. Тик учактар менен чатырларды алып келишти. Жерди терең казып, үстүнө чатырларды тиктик. Козголоңчулар тоодон аткылаганда жер алдындагы жоокерлерге ок тиймек эмес. Ал жерге башка имараттарды сала баштадык.
Моджахеддерден олжолонгон курал-жарак. Түндүк Афганистан, Бадахшан чөлкөмү. 1980-жыл, февраль
© Фото / Из личного архива Александра Болотина
— Жергиликтүү элдин жашоосу кандай экен?
— Абдан таң калдык, Бадахшан элинин басымдуу бөлүгү итке минген кедей экен. Аларга биздин аскердик бөлүк материалдык көмөк көрсөтчү. Полктун дарыгерлери оорукчандарга жардам берчү. Аймакта кыргыздар да бар эле. Жаздын күнү айрым дыйкандар өгүзгө жыгач сокону кошуп жер айдаганын көрүп эсибиз оогон. Колуна япон саат тагынып алган, жерди айдап бүтүп, Toyota жеңил автоунаасына түшкөнүн көрүп аябай таң калганбыз.
— Катардагы аскерлер менен мамилеңер кандай болду?
— Ар кыл улуттун өкүлдөрү эле. Бул согушта кан кечип офицерлер, прапорщиктер, аскерлер — баарыбыз бир тууган болуп калдык. Бир ирет тоодогу салгылашта миномёт менен аткылап жөө аскерлерге колдоо көрсөтүп жатып, ок-дары түгөндү. Төрт жоокерге мина салынган ящиктерди көтөрүп келгиле деп буйрук бердим. Ящикте он мина болот. Алар жүгүргөн бойдон миналарды көтөрүп келе жатканын көрүп аябай таң калдым, согушкерлер окту мөндүрдөй жаадырып жаткан. Жоокерлер эч нерсеге карабай ящиктерди көтөрүп келишти. Менин кол астымдагы аскерлердин баары үйлөрүнө аман-эсен кайтышты. Үч жоокер гана жаракат алды. Азыркы күндө да полктошторум менен кабарлашып турам. Өзүм эки ирет контузия алдым.
Тилекке каршы, полктогу жоокерлердин көпчүлүгү бул кандуу тиреште көрсөткөн эрдиги үчүн сыйланбай калды. Ушул нерсе абдан жүрөгүмдү өйүйт.
Александр Болотин (оң жактан үчүнчү) куралдаштары Таалайбек Садыров, Александр Рубанов жана Жумалы Кубатов менен. Бишкек шаары, Ата-Түрк паркы. 2001-жыл, 15-февраль
© Фото / из личного архива Александра Болотина
— Көп эле окуя эсиңизде калса керек...
— Полктун контрчалгын кызматынын жетекчиси, капитан, бир тууганым маркум Жумалы Кубатовго байланышкан окуяларды көп эстейм. Кыргыз армиясынын накта баатыры эле. Полктун командири маркум Артуш Арутюнян "В горах Бадахшана" аттуу китебинде Кубатовдун моджахеддердин корбашылары менен жолугуп, козголоңчулардан биздин бөлүккө кол салбайбыз деген убадасын алганы айтылат. Согушкерлер чын эле сөзүнө туруп, кол салбашын белгилеген. Жумалы СССР менен КР коопсуздугун бекемдөөдө нар көтөргүс эмгек жасады. Кыргызстандык афганчылардын көйгөйүн чечүүдө да чоң эмгек кылып кетти.