Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мюнхендик көмүскө бүтүм. Зеленский кайрадан Россия менен согушууга жөнөтүлдү

Канчадан бери күтүп жаткан согуш отунун тутанбаганына карабастан Украина президенти эрдик жасоого үлгүрдү.
Sputnik
Америкалык кураторлору Владимир Зеленскийге ачык эле коопсуздук боюнча өткөн Мюнхен конференциясына барууга тыюу салган. Ал жакта президент мырза европалык лидерлер менен сүйлөшүүгө жетишип, алардын согушка каршы экенине дагы бир ирет ынанмак. Вашингтон ай-буйга келбей согушууга мажбурлап жатканда Европага таянып дагы бир аз кетенчиктей турмак. Окуя кандайча нук алганына Виктория Никифорова баам салып, макала РИА Новости агенттигине жарыяланган.
Жакшы болбой калды: өлкө орустардын "кол салуу" кооптуулугу алдында турат, Киевден элчиликтер чыгарылууда, ал эми президент кабагын түйүп алып бронежилетчен сүрөткө түшүүнүн ордуна легендарлуу Бауэриш Хоф мейманканасына эс алууга учуп кетти. Спа, бассейн, үч жылдыздуу ресторан... Ал арада украиналыктар окопто жатышат. Жакшы болбой калды...
Жо Байден Зеленскийдин конференцияга катышуу ниетин туура кадам деп атоодон алыс экенин айткан. Кожоюндарын укпастан президент Мюнхенге кетип калды. Жоо сайбаса да бул кандайдыр бир деңгээлде эрдик.
Конференцияда Украина жетекчиси сөз сүйлөдү. Президенттин кеби жалындуу, бирок ошол эле учурда этият болду. "Украинага чындап жардам берүү үчүн кол салынат делген күн тууралуу айта берүүнүн зарылдыгы жок" деп бир жагынан Россиянын "агрессиясы" тууралуу аша чаппоого чакырды. Мындай сөздөр президенттин чыдамы түгөнгөнүн көрсөтүп турат. Экинчи жагынан — "кол салуу" темасын пайдаланып Украина качан ЕБге, андан соң НАТОго кабыл алынат деген суроону кабыргасынан койду. "Биз башка датага көбүрөөк муктажбыз. Кайсы экенин баары жакшы түшүнөт".
Жооп алды, бирок ага чейин көп кызык болуп кетти. НАТОнун башкы катчысы Столтенберг эгер Кремль өз чек арасында НАТОну азыраак көргүсү келсе, "көбүрөөк НАТО" аларын жар салды. Парадокс, бирок ачык эле майга от чачып жатканына карабастан Столтенберг Мюнхен конференциясынын биринчи уюштуруучусу, анык тынчтык орнотуучу, Европанын коопсуздугу үчүн чындап көп эмгек жасаган Эвальд фон Клейсттин атындагы премияга ээ болду.
Экинчи дүйнөлүк согуш маалында вермахтта кызмат өтөгөн Эвальд фон Клейст кадырлуу, атактуу тукумдан чыккан. Клейсттердин бүлөсү Гитлерге каршы болчу. Жаш Эвальд дагы, анын атасы дагы Штауффенберг кутумчулугунун катышуучулары эле. Ал ишке ашпай калгандан кийин үй ээси өлүм жазасына тартылып, Эвальд кандайдыр бир себеп менен аман калат. Генерал-фельдмаршал, немецтик танк аскер күчтөрүнө командачылык кылган агасы СССРде улутчул кылмышкер катары соттолуп, 1954-жылы Владимир централында каза болгон. Ал эми Клейсттердин Помераниядагы поместьеси согуштан кийин Польшанын аймагына кирип калган эле.
Жашоосунун өзгөчө нугу немец ак сөөгүн атактуу тынчтык орнотуучуга айлантат. Анын Мюнхен конференциясы америкалык жана европалык элитанын сүйлөшүүсү үчүн аянтча болуп берген. Дээрлик кансыз согуштун соңуна чейин бул чындап олуттуу иш-чара болчу. Европалыктар СССР менен АКШнын ортосунда "буйтап", өзү үчүн салыштырмалуу көз карандысыздыкка жетишип жүрдү. Европа тынч жашады. Куралсыздандыруу процесси ийгиликтүү жүрүп келди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донецк жана Луганскини Мамлекеттик Дума тааныйбы? Депутаттын пикири
Бирок 90-жылдары америкалыктар бул аянтчаны саясатташтыра баштады. Эвальд фон Клейст иштен оолактап, анын ордун "Боинг" корпорациясынын директорлор кеңешинде иштеген Хорст Тельчик ээледи. Бара-бара америкалыктар Европанын өкүлдөрүнүн башын айлантып, "Европа коопсуздугу" боюнча өздөрүнүн көз карашын таңуулап коюшту. Ирак боюнча позициясына көңүл да бурушкан жок, Белградды бомбалоого аралаштырышты, Ливия, Афганистанга сүйрөп барышты.
2000-жылдардын башында НАТОнун башкы катчысы, британиялык саясатчы Жорж Робертсон Мюнхен конференциясынын ошол кездеги абалын так ачып берген: "...бизге Терминатор сымал Дон Рамсфельд (АКШнын коргоо министри) кайтып келип, европалыктар менен ары же бери болууну чечкен өңдүү".
Мындай кемсинткен бир полярдуулукту, европалык элитанын америкалык шефтерден толук көз карандылыгын 2007-жылы өткөн Мюнхен конференциясында Владимир Путин да белгилеген. Ошол учурда европалык жетекчилердин ырайын көрүш керек эле! Россиялык президент мындай аракеттин кооптуулугун эскерткен. Кайсы бир маалда америкалыктар Европанын өзүндө да согуш тутантууга кызыкдар болот, ошондо жергиликтүү бийлик кол куушуруп гана отуруп берет деген.
15 жыл өткөн соң айтылгандын баары келди. АКШ Украинага жылып кирип, Техаска тете криминалдык анклавга айлантып салды. Жергиликтүү улутчулдар каалаган убакта кандуу кагылыш чыгарып жиберүүгө даяр, натыйжада Европага жүз миңдеген качкын агылат. Анклавдын жетекчиси бүгүнкү күндө Будапешт макулдашуусун бетке кармап өзөктүк курал чыгарам деп турат. Европа мунун баарын унчукпай карап отурууга мажбур.
Ал эми азыр Штаттар Мюнхен конференциясын европалык элитаны өздөрү уюштурган кандуу тирешүүгө тартуу үчүн пайдаланып жатат. Мюнхен-2022нин башкы темасы Россиянын "кол салуусу" болду.
Сөз алып сүйлөгөндөрдүн дээрлик баары "Россия "чынында" Украина чек арасынан аскер күчтөрүн алып кетпегенин, Донбассты аткылоо бул Россиянын эле "чагымчылдыгы" экенин айтышты. ДЭР менен ЛЭРдеги эвакуациябы? Бул дагы чагымчылык. Путин кандай деген күндө да жакын арада Россия Ураинага басып кирип, андан кийин бул аракетинин кээрин тартат".
Баарынан да Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун сөзү курч болду. "Эстонияда, Польшада, Түштүк-Чыгыш Европанын асманында аскер күчүбүздү көбөйттүк. Кипрге алты "Тайфун" истребителин, Жер ортолук деңиздин чыгыш бөлүгүнө жана Кара деңизге аскер кемелерин жөнөттүк". "2014-жылдан бери 22 миң жоокерди даярдап, 2000 танкка каршы ракеталарды жөнөтүп Украинага жардам берип келгенибизге сыймыктанам". "Эгер Россия тынч жаткан украина калкына күч колдоно турган болсо, анын утулганын көрүү баарыбыздын жалпы кызыкчылыгыбыз".
Риторика боюнча Жонсон Камала Харристен да өтүп кетти. АКШнын вице-президенти негизинен Россияны экономикалык санкциялар менен коркутуп, америкалык кийлигишүүнүн аскерий чек арасын өтө этият ажыраткан: сөзүндө НАТОнун чыгыш флангын кеңейтүүдүн ашык эч нерсе жок.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Донецк менен Луганскинин көз карандысыздыгын таанымай болду
Харрис менен Мюнхен конференциясынын төрагасы, немец дипломаты Вольфганг Ишингердин диалогу өтө кызык болду. Жалпак тилге салганда Ишингер АКШнын вице-президентинен өлкө башына "жаңы Трамп" келсе АКШнын Европадагы саясаты өзгөрбөйбү деп сурады.
Республикачылар демократтарды конгресстен ушул жылдын ноябрында эле сүрүп чыгарары шексиз, андан кийин үч жылга жетип-жетпеген убакытта бийликке Трамп (же Трамм 2.0) келеринен эч ким күмөн санабай калды. Башкаруучу партиянын алмашуусу Вашингтонго союздаштарын ара жолдо калтыруу үчүн чексиз мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт. Америкалыктардын келишимдерге кандай мамиле жасаары баарыбызга маалым. Алгач Иран келишими түзүлгөн, Трамп келип аны жокко чыгарып салды, эми аны кайра түзүүнү сунуштап жатышат, үч жылдан кийин кайра жоюлуп кетиши толук мүмкүн.
Европалыктар азыр Вашингтон толук кандуу согушка аралаштырып туруп, башка ишке өтүп кетпейби деп сарсанаа. Анда кандай болот? Вице-президент айым андай болбой турганын, Россияга каршы турууга республикачылар да, демократтар да кызыкдар экенин айтууда. Анан "ооба, кези келгенде силерди да сатып кетебиз, экинчи Афганистанга ээ болосуңар" демек беле?
Ишингер андан соң азыркы америкалык авантюра Европадагы коопсуздук системасын талкалай турганын айтып, Россия боюнча жаралган көйгөйдү дипломатиялык жол менен чечүүгө болор-болбосун сурады. "Биз Россия тууралуу эле сүйлөшө бербей Россия менен чогуу да сүйлөшө алабызбы?" деген суроо жаңырды. Ага Харрис дипломатияга ыктай турганын, бирок Россия басып кире турган болсо согуш болорун, мындан европалыктар да четте кала албасын айтып жооп берди.
Негизи Мюнхен конференциясы дүйнөгө НАТО мүчөлөрүнүн биримдигин көрсөтүшү керек эле. Бирок бул өлкөлөрдүн бири дагы Киевге аскер жөнөтүп жардам бербей турганы белгилүү болду. Ушул жагынан биримдиктүү экенин көрсөтүштү. Бирок баары тең (ар кыл деңгээлде) Зеленскийди согуштук кылмышка түртүп жатышат, ала кушту атынан атайлы да.
Азыр баары Киевден химиялык куралды пайдаланып, тынч элди бомбалап, жарандарын массалык кыргынга учуратып акылга сыйбаган чагымчылык күтүп жатышат, азыр Украина режиминин бардык аракетине индульгенция берилген. Германия канцлери Олаф Шольц деле Путиндин Донбасс тууралуу, геноцид тууралуу айткандарын "күлкү келерлик" дебедиби.
Ошол эле маалда НАТО Зеленскийге аскер күчүн жиберерин айткан жок. Чыгышта адамдардын кырылып жатканын алар теледен гана көрүшөт. Ал эми Зеленскийди Гаагага алып келгенде мурунку колдоочулары окуяга таптакыр тиешеси жоктой түр көрсөтүп коюшат.
Баса, Украинанын НАТОго кириши боюнча Зеленский суроосуна жооп алды. Германия канцлери Олаф Шольф "Украинанын НАТОго мүчө болуп кириши тууралуу маселе күн тартибинде жок" деп так кесе жооп берди.
Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков кечээ жакында эле Түндүк Атлантика альянсына Украина менен Грузияны НАТОго кабыл алуудан баш тартууну июнда өтө турчу Мадрид саммитинде тастыктап коюуга кеңеш берди. Көрүп турганыбыздай европалыктар туура түшүнүп, аракет кыла башташты. Эми Шольцтун позициясын Мадридде жыйынтыктоочу документ менен формалдаштырып бекитип коюулары гана керек. Андан соң баары жакшы болот.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Эми биз ошентебиз". Путин НАТОго жооп кылган чаралар тууралуу айтты