БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Сокулукта сабалган эки жашар бөбөк бүгүн ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Анын айтымында, тиешелүү органдар баланы убактылуу чоң энесине (же таенесине, ким экени так айтылган жок) берип туруу чечимин кабыл алды.
"Кайрымдуулук уюму аларга тергөө иштери аягына чыккыча жашап туруу үчүн шарттары мыкты үйлөрдүн биринен ижарага батир алып беришти. Эми узак убакыт бою ден соолугун калыбына келтириши керек. Тезирээк сакайып кетишине тилектешмин", — деп жазды укук коргоочу.
Эске салсак, 3-февраль күнү кечинде Сокулук аймактык ооруканасына денесинен ар кандай жаракат алган эки жашар бөбөк түшкөн. Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Кыйноо") боюнча Бирдиктүү реестрге катталган. Милиция кылмышка шектүү катары Сокулук районунун 35 жаштагы тургунун кармаган. Баланын ата-энеси анын малын карап иштечү.