Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Федерация кеңеши өлкөнүн Куралдуу күчүн чет жакта пайдаланууга уруксат берди

Донбасста абал курчуп кетти. Киев чек арага армиянын басымдуу бөлүгүн тартты.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Россиянын Федерация кеңеши президент Владимир Путинге РФтин Куралдуу күчтөрүн чет жакта колдонууга уруксат берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин парламенттин жогорку палатасынын төрайымы Валентина Матвиенко Федерация кеңешине Путинден Куралдуу күчтөрдү чет жакта колдонуу тууралуу кайрылуу түшкөнүн кабарлаган.
Донбасстагы абал акыркы күндөрү курчуп кетти. ДЭР менен ЛЭР украиналык күч түзүмдөрү тарабынан бир нече ирет аткылоо болгондугун билдиришкен. Аталган республикалардын башчылары Россиянын Ростов облусуна жарандарды убактылуу эвакуациялоо иштери башталган. ДЭР башчысы Денис Пушилин Украина президенти Владимир Зеленский жакынкы аралыкта аскерлерге Донбасска басып кирүү боюнча буйрук берерин айткан. Ишемби күнү эки республиканын лидерлери жалпы жарандарды мобилизациялоо туурасында жарлыкка, ошондой эле достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу боюнча келишимге кол койгон.
Украинанын чыгышындагы чатак дээрлик сегиз жылдан бери токтобой келет. БУУнун маалыматы боюнча, бул убакыт аралыгында 13 миң адам курман болуп, 44 миң киши жаракат алган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин ЛЭР жана ДЭРге байланыштуу келишимге кол койду