Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мамдума ДЭР менен ЛЭРдин достук жана кызматташуу келишимин ратификациялады

Буга чейин президент Владимир Путин ДЭР менен ЛЭРдин суверендүүлүгүн таануу боюнча жарлыктарга кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Мамлекеттик думанын депутаттары пленардык жыйында Донецк жана Луганск элдик республикаларынын достук, кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү келишимдерин ратификациялады.
Россиянын ТИМи ЛЭР менен ДЭРдин бийлиги өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарып жаткан аймагын тааный турганын билдирген.
Ал эми кечээ, 21-февралда, президент Владимир Путин ДЭР менен ЛЭРдин суверендүүлүгүн таануу боюнча жарлыктарга кол койгон. Ошондой эле республикаларда тынчтык болушуна колдоо көрсөтүүнү тапшырган. Россиянын ТИМи билдиргендей, мындай чечим БУУнун уставынын жобосунун негизинде кабыл алынды.
Донбасстагы абал акыркы күндөрү курчуп кетти. ДЭР менен ЛЭР украиналык күч түзүмдөрү тарабынан бир нече ирет аткылоо болгондугун билдиришкен. Аталган республикалардын башчылары Россиянын Ростов облусуна жарандарды убактылуу эвакуациялоо иштери башталган. ДЭР башчысы Денис Пушилин Украина президенти Владимир Зеленский жакынкы аралыкта аскерлерге Донбасска басып кирүү боюнча буйрук берерин айткан. Ишемби күнү эки республиканын лидерлери жалпы жарандарды мобилизациялоо туурасында жарлыкка, ошондой эле достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу боюнча келишимге кол койгон.
Украинанын чыгышындагы чатак дээрлик сегиз жылдан бери токтобой келет. БУУнун маалыматы боюнча, бул убакыт аралыгында 13 миң адам курман болуп, 44 миң киши жаракат алган.
ЛЭР менен ДЭР суверендүүлүгүнүн таанылышын кантип майрамдады. Видео
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: АКШ Украинага ракеталарын жайгаштырса Москвага 4 мүнөттө учуп жетет