Былтыр "Кумтөр голд компани" кайсы багытта канча акча төккөнү айтылды

2021-жылы ишкана негизги төлөмдөрдөн башка эки фондго которгон каражатын эске алганда 13,8 миллиард сом төлөгөнү айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Финансы министрлиги "Кумтөр голд компани" ишканасы 2021-жылы мамлекетке канча акча төккөнүн айтып берди.
Ушул жылдын 26-январында Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев "Кумтөр голд компани" ишканасынын расмий отчетунда көрсөтүлгөн 13 миллион сом бюджетке түшпөгөнү айтылып жатканын билдирген. Мындан улам редакция бул боюнча жооп алуу үчүн ведомствого кайрылган. Кийин Финансы министрлиги отчетте көрсөтүлгөндөй эле "Кумтөр голд компани" ишканасынан 13,2 миллиард сом түшкөнүн айтты.
Каражат кайсы багыттар боюнча төгүлгөн:
салыктар — 10,5 миллиард сом;
Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна — 688,3 миллион сом;
курчап турган чөйрөнү булгагандыгы үчүн — 25,8 миллион сом;
социалдык чегерүүлөр — 1,8 миллиард сом;
дивиденддер — 258,1 миллион сом (жыл башында Centerra Gold Inc. которгон).
"Мындан тышкары, былтыр "Кумтөр голд компани" ишканасы Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна 262,6 миллион сом жана Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 313,8 миллион сом которгон", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Ошентип былтыр негизги төлөмдөрдөн башка эки фондго которулган каражатты эске алганда алтын өндүрүүчү компания 13,8 миллиард сом төлөгөн.
Эске салсак, 2021-жылы 17-майда Кумтөр алтын кенине тышкы башкаруу киргизилген.
Алтын экспорту 12 тоннага кыскарды, бирок жаңы кардарлар пайда болду