БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Өткөн суткада 31 адамдан коронавирус табылып, 159 бейтап дартты жеңди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.
Билдирмеге караганда, илдет илештиргендер Бишкек шаарында жана үч облуста гана катталган.
Жуктургандар:
Бишкек шаары – 9;
Чүй облусу – 16;
Ысык-Көл облусу – 4;
Жалал-Абад облусу – 2.
Ушуну менен өлкөдө оору жуктургандардын жалпы саны 200 368ге жетип, анын ичинен 194 377 киши айыккан. Тилекке каршы, өлкөдө өлүм учурлары дагы эле катталууда. Кечээтен бери оору бир адамдын өмүрүн алган. Азыркы тапта 220 бейтап ооруканада дарыланып жатса, 1 251 киши медициналык жардамды амбулатордук шартта алууда. Ооруканадагылардын ичинен 98 адамдын абалы оор, ал эми 27 бейтаптыкы өтө оор деп бааланды.