Өкмөт: Баткендеги бир айлык аскердик кызмат эки айга теңелет

Жапаров 2021-жыл кыргыз армиясы үчүн катуу соккулардын жылы болгонун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Баткендеги бир айлык аскердик кызматты эки айга теңөө чечими кабыл алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусундагы көчмө жыйында айтканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Өкмөт башчынын айтымында, Баткен облусу — чек ара маселесинин чордону эмес, патриоттуулукка, кайраттуулукка, эр жүрөктүүлүккө тарбиялоочу жана шыктандыруучу жер. Жапаров аталган дубанга атайылап эрте келген себебин да айта кетти.
"Баткен облусуна атайын эрте келдим. Бир катар өнөр жай ишканаларынын иши менен таанышып, күндүн экинчи жарымында эки аскер бөлүгүн кыдырып, аскердик формаларды жана техникаларды көрүп чыктык", — деди Жапаров.
Министрлер кабинетинин төрагасы 2021-жыл кыргыз армиясы үчүн катуу соккулардын жылы болгонун, ошол эле учурда кескин өзгөрүүлөр да орун алганына токтолду.
"2021-жылдын май айынан баштап чек арачылардын жана аскер кызматкерлердин айлык маянасы дээрлик 50-70 пайызга чейин жогорулатылды. Январдан тарта ӨКМ жана ЖАМКтын Коопсуздук жана коштоо департаментинин кызматкерлеринин айлык маяналары да ушунчага көтөрүлдү. Жыйынтыгында бардык күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын айлыгын теңдештирүүгө жетиштик. Бюджеттик каражаттардын эсебинен заманбап аскер техникасы жана аскердик форма сатып алынды. Ошондой эле Баткендеги бир айлык кызмат эки ай катары эсептелсин деген чечим кабыл алынды", — деди Жапаров.
Эскерте кетсек, ушу тапта Баткенде министрлер кабинетинин көчмө жыйыны өтүп, ага бардык министрлер катышып жатат.
Баткенге барган Акылбек Жапаров облустун артыкчылыктарын санады