БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов башында турган делегация РФтин Федералдык жыйынынын Федералык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолуккан.
Кыргызстандын парламентинин депутаттары учурда Россияда расмий сапар менен жүрөт.
Матвиенко сүйлөп жатып Кыргызстан менен Россиянын дипломатиялык алакаларына быйыл 30 жыл толгондугу белгилене тургандыгын эске салган.
Ал парламент аралык кызматташуу уланып жаткандыгына кубанычта экендигин, ал эми КР делегациясынын бул сапары да биргелешкен өз ара кызматташууга жакшы дем берерин белгилеген.
"Биздин эки тараптуу мамилени, стратегиялык өнөктөштүк алаканы өзгөчө белгилей кетмекчимин. Союздаштык 30 жылдык окуяларда гана эмес, эки элдин узак тарыхындагы мамилелер менен бекемделген", — деген ал.
Матвиенко Улуу Ата Мекендик согушта эл бири-бирин менен ийиндеше туруп, жалпы мекенди сактап, биргелешкен тарыхка улуу жеңиштин барактарын ачкандыгын эстеткен. Аны менен катар эле Санкт-Петербургдун жашоочулары Токтогон Алтыбасарованын эрдигин, балдар үйүнөн Кыргызстанга жиберилген 150 балага эне ордуна эне болгон жакшылыгын, камкордугун эч качан унутпай тургандыгын баса белгилеген. Матвиенко Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Ленинград курчоосундагы миңдеген адамдар Кыргызстанга жөнөтүлүп, бул күнөстүү өлкөдө жашап калгандыгын эске салган.
"Ишенип коюңуздар, Петербургда сиздердин ленинграддыктарды ак дилден кабыл алганыңыздарды, биздин жалпы тарыхыбыздын бул барактарын эстешет", — деген Матвиенко.
Ал жаштар согуш жылдарындагы эрдикти, Москваны 1941-жылы кан-жанын аябай коргогон легендарлуу панфиловчуларды – Иван Панфиловдун дивизиясын билиши керектигин айткан.
Төрайымдын айтымында, Федералдык кеңеш ар тараптуу кыргыз-орус мамилелеринин өнүгүшүнө канааттангандыгын жана Садыр Жапаровдун эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча кадамдарына ыраазы экенидигин белгилеген.
"Сиздерге биз, сенаторлор үчүн президенттин Россияга болгон сапары учурунда жолугушуу сыймык экенин айткам. Анын парламент аралык кызматташууну өнүктүрүүгө олуттуу басым жасаганы өтө маанилүү. Бизден жылуу салам айта барууңуздарды өтүнөм", — деген суроосун айткан Матвиенко.
ЖК төрагасы Талант Мамытов сүйлөп, эки өлкөнүн ортосунда ийгиликтүү кызматташууга мүмкүнчүлүк түзгөн өз ара түшүнүүчүлүк бар экенин белгилеген.
"Кыргызстан ишенимдин, өз ара түшүнүүчүлүктүн жана көп жылдык достуктун аркасында Россиянын ишенимдүү өнөктөшү болуп кала берет. Биз жеке сиздин мамилелерди өнүктүрүү жана кызматташууну тереңдетүүгө жасаган аракетиңизди жогору баалайбыз", — деген Мамытов.
Ал эки өлкөнүн парламент аралык байланыштарына канааттангандыгын Матвиенконун КМШнын парламент аралык ассамблеясынын юбилейлик салтанаттуу отурумуна чакыруусун кабыл аларын айткан. Бул иш-чара Алматы шаарында шериктештик уюмунун 30 жылдыгына арналып өтмөкчү.
Мамытов муну менен катар эле эки өлкөнүн парламенттер аралык комиссиясынын X отурумун быйыл Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштаган.