БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Донецк жана Луганск элдик республикаларынын көз карандысыздыгын таануу боюнча чечим бүгүн кабыл алынат. Бул туурасында РФ президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңештин жыйынынын жыйынтыгында айтты.
Буга чейин Донецк Эл Республикасынын (ДЭР) жана Луганск Эл Республикасынын (ЛЭР) башчылары Россия президентине алардын суверендүүлүгүн таанууну суранып кайрылган эле.
Коопсуздук кеңештин отурумунда сүйлөгөндөр ДЭР менен ЛЭРдин эгемендүүлүгүн таануу керектигин айтышты.