Өкмөт Ноокаттын жолун оңдоого каражат тапканын билдирди

Көпчүлүктү түйшүккө салган жолду оңдоого 50 миллион доллар бөлүнөт.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Ош — Баткен — Исфана жолунун (28-75 чакырым) Ноокат районундагы тилкесинин абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Табылды Тиллаев бул эл аралык маанидеги жол гана эмес, Баткендин социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү орунда турган транспорттук артерия болуп саналарын белгилеген.
Анын айтымында, Ош — Ноокат — Баткен жолун курууга Япония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) 50 миллион сом кредит бөлүп берет. Учурда тендердик документтер даярдалууда. Долбоор эл аралык стандарттарга ылайык ишке ашырылат.
Жапаров жакын арада тендер жарыялоону тапшырып, жолду курууну ата мекендик компанияларга берүү зарылчылыгын белгилеген.
Белгилей кетсек, Оштон Баткенге бараткан негизги жолдун Ноокат районунун аймагындагы 50 чакырымдай тилкесинин тамтыгы чыгып калган. Бул көйгөй көптөн бери көтөрүлүп келет. Жергиликтүүлөр маселени чечүүнү талап кылып митингге да чыгышкан.
Бишкектеги айланма жол мүрзөнүн үстүнө курулабы? Асмандан тартылган видео