Азык-түлүк кымбаттагандан кийин айрым мектептерде ысык тамак берилбей калды

Жыйында эл өкүлдөр мектептердеги ысык тамак темасын көтөрүп, депутат Айгүл Айдарова министрдин орун басарына "мектептердин ашканасына кирип жети сомдук тамак жеп көрдүңүз беле?" деген суроо узаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Азык-түлүк кымбаттагандыктан, айрым мектептерде окуучуларга булочка, компот берүүгө өттүк. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди.
Жыйында эл өкүлү мектептердеги ысык тамак темасын көтөрүп, депутат Айгүл Айдарова министрдин орун басарына "мектептердин ашканасына кирип жети сомдук тамак жеп көрдүңүз беле?" деген суроо узаткан.
"Арзан кезинде жеп көргөм. Абдан даамдуу болчу. Бирок азыр азык-түлүккө болгон баа абдан өсүп кетти. Баалар кымбаттай баштаганда жеткирүүчү компаниялар да келбей калды. Бул боюнча Каржы министрлигине бир нече жолу кат жөнөттүк. Башталгыч класстарга бир эле жолу тамак берилет. Бул жаатта абал оор, кыйналып жатабыз. Тамак-аш сатып алуу кыйындагандыктан компот менен булочкага өттүк", — деди Жусупбекова.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Надира Жусупбекова менен байланышканда министрдин орун басары ысык тамак Токмок шаарындагы мектептерде гана берилбей калганын белгиледи.
"Жергиликтүү бийлик, фермер, ата-энелер жардам берген жерлерде ысык тамак берилип жатат. Айрым гана мектептерге жеткирүүчү компаниялар тендерге катышпай койгондо компот, ботко, булочка менен чыгып жатабыз", — деди ал.
Жусупбекова окуучулардын ысык тамагына бөлүнгөн акчанын суммасын көбөйтүү боюнча Финансы министрлигине, жергиликтүү бийликке кайрылып жатканын кошумчалады.
Кулакка "лапша" илип жатабыз! Депутат Айдарова аткаминерди кекеткен видео
Ун дагы кымбаттайбы? Өлкөдө да, импортчуларда да буудайдын түшүмү аз