COVID жугузгандар Ош менен Бишкекте гана катталды

Республикада илдет илештиргендердин жалпы саны 200 337ге жетти. Анын ичинен 194 218и ооруну жеңип чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 15 адамдан коронавирус табылып, 119 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.
Жуктургандар Бишкек жана Ош шаарларында гана аныкталды. Борбор калаада вирус 10 кишиден табылса, бешөө Оштун тургундары.
Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 200 337ге жетти. Анын ичинен 194 218и ооруну жеңген.
Тилекке каршы, кечээтен бери дарт эки адамдын өмүрүн алган. Каза болгондордун экөө тең Бишкектен. Жалпысынан 2 946 киши коронавирустун курмандыгы болду.
Азыркы тапта 235 бейтап ооруканада дарыланып жатса, 1 366 киши медициналык жардамды амбулатордук шартта алууда.
Радио
Нурматов: антителону изилдөөгө катышкан 9400 киши экинчи этапка да чакырылды