БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Казакстандын мурдагы коргоо министри Мурат Бектанов кармалды. Бул туурасында Sputnik Казакстан Башкы прокуратурага таянуу менен жазды.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин 452-беренеси боюнча кызматтык аракетсиздикке айыпталып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.
Экс-министр кечээ, 20-февралда, кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын кылмыш иши январдагы башаламандыкка байланыштуу экени белгилүү болду.
Мурат Бектанов 19-январь күнү коргоо министри кызматынан бошотулуп, ордуна Руслан Жаксылыков дайындалган. Президент Касым-Жомарт Токаев ал керектүү убакта армия жөнөтө албагандыктан, жыйынтыгында коңшу өлкөлөрдөн жардам суроого аргасыз болгонун айткан.