Токаевдин чет жакта банк эсеби, кыймылсыз мүлкү барбы? Маалымат катчынын жообу

Буга чейин бир катар ЖМКлар Касым-Жомарт Токаев менен анын мурдагы аялынын жана уулунун Швейцариядагы банктарда эсеби, Женева менен Москвада кыймылсыз мүлкү бар экенин жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен анын үй-бүлөсүнүн чет элдик банктарда эсеби жок. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат катчысы Берик Уали билдиргенин Sputnik Казакстан жазды.
Буга чейин бир катар ЖМКлар Коррупция менен уюшкан кылмыштуулукту иликтеген борбордун (OCCRP) материалдарына таянып Касым-Жомарт Токаев менен анын мурдагы аялынын жана уулунун Швейцариядагы банктарда эсеби, Женева менен Москвада кыймылсыз мүлкү бар экенин жазып чыгышкан.
"Кээ бир ЖМКлар жазып жаткандай, президент Касым-Жомарт Токаевдин Швейцариядагы банктарда эсеби жок. Өлкө башчынын чет элдик банктарда эсеби, кыймылсыз мүлкү, офшордук компаниялары жок", — деп Берик Уали өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Ал ошондой эле мамлекет башчысынын мурдагы жубайы Надежда Токаева ЖМКларда айтылган байлыкка эч качан ээлик кылбаганын белгилеген. Касым-Жомарт Токаевдин 38 жаштагы уулу ишкерлик менен алектенет жана мамлекеттик кызматтарда иштеген эмес.
Казакстандын Юстиция министрлиги Назарбаевге карата иликтөө жүргүзсө болорун айтты