Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинага "кол салчу" күн тууралуу Кремль кандай ойдо?

Дмитрий Песков НАТО, АКШ жана Улуу Британия Украинага курал жана ок-дары толтурулган учактарды байма-бай жөнөтүп жатканын эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Батыштын Россиянын Украинага "кол салчу" күнү тууралуу айткандарына көңүл бурбайт, бирок мындай кеп чагымчылыкты шарттап, абалды курчутууда. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Дмитрий Песков "Россия 1" телеканалынын эфиринде билдирди.
Анын айтымында, "Россия басып кирчү күндү улам кайталай берүүнү көнүмүшкө айлантуунун" кесепети оор болот.
"Ооба, ар кандай теориялар бар экенин билесиздер. Куралдуу төңкөрүштүн айынан өзүнүн аймактык бүтүндүгүн жоготуп алган Украина жана жоготуп алган аймагын кайтарууда күч колдонууга уруксат берген документи бар Украина турат. Баарыбыз НАТО, АКШ, Улуу Британиянын курал-жарак, ок-дары жүктөлгөн учактарды байма-бай жөнөтүп жатканына күбөбүз", — деди маалымат катчы.
Ал Киевге "дипломатиялык жана саясий колдоо" көрсөтүлүп жатканын белгиледи.
Украинанын чек арасынан өткөн Россиябы, башкабы, айтор, кимисине болсо да тозоктун санкцияларын убадалап жатышат. Демек, Россия жек көрүндү экен... Мындай абал Украинаны Донбасс көйгөйүн күч менен чечүүгө түртүп жаткан жокпу? Азыркы жагдай буга күбө. Бул менин билдирүүм эмес, көп теориянын бири гана", — деди Песков.
Ал азыркы күн сайын кайталанып жаткан "көнүгүүлөргө" башка кандай түшүндүрмө берерин билбей турганын айтты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Эксперт: Украина өзөктүк куралга аракет кылса АЭСин токтотууга мажбур болот