БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Будапешт меморандумун жокко чыгарып Украина "ыплас бомба" жасоого аракет кылышы мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги КМШ өлкөлөрү институтунун директорунун орун басары Владимир Жарихин билдирди.
Украина президенти Владимир Зеленский ишемби күнү Мюнхен конференциясында сүйлөп жатып Будапешт меморандумунун катышуучуларынын коопсуздук боюнча сүйлөшүүсүн демилгелей турганын жар салды. Жыйынды чакыруу тышкы иштер министрине жүктөлдү. Украина президентинин айтымында, сүйлөшүү ишке ашпай калса же анын жыйынтыгы менен Киевге коопсуздук кепилдиги берилбесе, "Украина Будапешт меморандуму иштебейт деп эсептеп, 1994-жылы кабыл алынган макулдашуунун баары күмөн санатарын" белгиледи.
"Ураны бар... Атомдук электр станцияларынан иштелип бүткөн өзөктүк отун бар. Мунун баарынан "ыплас бомба" даярдашы мүмкүн, башкача айтканда, жардыруу эмес, өзөктүк жугузуу үчүн заряд иштелип чыгышы ыктымал. Бул алардын колунан келет", — деди эксперт.
Ал мунун кесепети оор болоруна, Россия менен АКШдан катуу жооп кайтарына токтолду. Жарихиндин айтымында, эгер ушундай боло турган болсо, Украина таптакыр элден чыгып калат.
"Зеленскийдин Будапешт меморандуму тууралуу айткандары дайым көңүл чордонунда болуу үчүн зарыл болгон дипломатиялык-террордук активдүүлүк", — деди эксперт.
Ал эми Украинаны өзөктүк куралга ээ кылган сценарий болушу мүмкүнбү деген суроого адис: "Албетте, жок, эч ким аларга андай мүмкүнчүлүк бербейт", — деп так кесе жооп берди.
Эскерте кетсек, СССР жоюлгандан кийин Киев өзөктүк арсеналдын басымдуу бөлүгүн мурастап калган. Бирок 1994-жылы Украина, Россия, АКШ жана Улуу Британия Будапешт меморандумуна кол койгон. Ал Киевдин өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимге кошулуусуна байланыштуу коопсуздук кепилдиги болуп саналат. Келишимге ылайык, Украинадагы өзөктүк арсенал жок кылынган, ал эми державалар Киевдин коопсуздугуна кепилдик болууга милдеттендирилген.