Пекиндеги Кышкы Олимпиада оюндары жыйынтыкталды. Алдыңкы 10 өлкө

Жыйынтыктоо салтанаты Кытайдын борбор калаасындагы Улуттук стадиондо өтүп, ал спортчулардын парады менен коштолду.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах Пекинде өткөн XXIV Кышкы Олимпиада оюндарын жабык деп жарыялап, оту өчүрүлдү. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Жыйынтыктоо салтанаты Кытайдын борбор калаасындагы Улуттук стадиондо өтүп, ал спортчулардын парады менен коштолду.
Нытайжада медаль саны боюнча алдыңкы ондукту төмөнкү өлкөнүн спортчулары ээлеген:
Норвегия — 37 (16 алтын, 8 күмүш, 13 коло);
Германия — 27 (12-10-5);
Кытай — 15 (9-4-2);
АКШ — 25 (8-10-7);
Швеция — 18 (8-5-5);
Нидерланд — 17 (8-5-4);
Австрия — 18 (7-7-4);
Швейцария — 14 (7-2-5);
Россия — 32 (6-12-14);
Франция — 14 (5-7-2).
Кийинки оюндар 2026-жылы Италиянын Милан жана Кортина-д'Ампеццо шаарларында өтөт.
Суктанткан ирмемдер. Пекиндеги Олимпиаданын ачылышынан 21 сүрөт