БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Американын Clearview AI компаниясы дүйнө жүзүндөгү адамдардын сүрөт базасын түзүүнү пландап жатат. Бул тууралуу уюмдун сайтында жазылды.
Clearview AI беш жылдан бери кишилерди сүрөттөн тааныган жасалма интеллектини иштеп чыгуу менен алектенип келет. Айрым маалыматтарга караганда, компания укук коргоо кызматкерлерине кылмышкерлерди издөөгө жардам берет. Ошондой эле коммерциялык уюмдар менен кызматташат деген маалыматтар бар.
Компания жасалма интеллектинин мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну көздөп жатат. Ал үчүн ааламдагы бардык адамдарды идентификациялоо үчүн эң чоң маалымат базасын түзмөкчү. Долбоор кылмыштуулукту азайтууга жана коопсуз коомду түзүүгө багытталганы белгиленген.
Google жана Meta компаниялары Clearview AI компаниясынан бул аракетти токтотууну талап кылышкан. Бирок компания сүрөттөр ачык булактардан алынарын жана "көзөмөл" түшүнүгү АКШнын Конституциясына карама-каршы келбей турганын айткан.
Компания долбоорго 50 миллион доллар сарптоону пландоодо. Учурда 10 миллиард сүрөт чогултулду, ай сайын 1,5 миллиард сүрөт кошулууда. Clearview AI көздөгөн максатына жетүү үчүн 100 миллиарддан ашык сүрөт чогултуу керектигин билдирген.