БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Өлкөдө бала бакчалар арасында "Чоң ата, чоң эненин жомогу" аталышындагы республикалык долбоор башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Программа ушул жылдын март айынан декабрга чейин уланып, Кыргызстандагы бардык бала бакчаларды камтыйт.
"Долбоордун максаты сөз өнөрүн баккан жомокчуларды эл ичинен тандап алуу, үй-бүлөнүн бүтүндүгүн, улуулугун баалоо, жомокчулук өнөрдү жандандыруу жана улуттук маданиятты сактоо болуп саналат. Ошондой эле бала бакчадагы жеткинчектердин кабыл алуу жөндөмүн өнүктүрүү, бөбөктөрдү мекенди сүйүүгө, жаратылышка аяр мамиле жасоого, эне тилди сактоого жана улуттук баалуулуктарды айырмалай билүүгө үйрөтүүнү көздөйбүз", — деп жазылган билдирмеде.
Долбор алгач Бишкек шаарындагы № 184 "Бүчүр" бала бакчасында башталат. Алгачкы жомокторду КРдин эл артисти Калийча Сейдалиева менен режиссер, сценарист Абдурасул Эшалиев айтмакчы.
Жомок айтууга маданият жана искусствонун башка кызматкерлери, элдик педагогдор (мыкты жомокчу чоң ата, чоң эне), педагогдор, филологдор, тарыхчылар жана кол өнөрчүлөр катышат.