Жогорку Кеңештин төрагасына маалымат катчы дайындалды

Каимов маалыматтык-аналитикалык программаларды алып барып келген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Эркинбек Каимов Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун маалымат катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ЖКнын сайтына жарыяланды.
Каимов буга чейин Жогорку Кеңештин аппаратынын жана "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматтарын жетектеп, Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын төрагасы болуп иштеген.
Ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик телерадиоберүү компаниясындагы "Ала-Тоо", "Жетиген", "Кыргызстан" жана "Кыргызстан жумалыгы" маалыматтык-аналитикалык программаларын алып барган.
Сайтты 2 айга жаап салат. Жалган маалымат тараткандарды жазалоо жобосу чыкты