Кыргызстанда кембагал 100 үй-бүлөгө 100 миң сомдон бөлүнөт. Бирок шарттары бар

Жакыр жашаган үй-бүлөлөр иш башташ үчүн 100 миң сом грант алат. Муну менен катар аларга финансылык сабаттуулук, бизнес-план иштеп чыгуу боюнча консультация берилип, айыл чарба жаатында ар кыл сабактар өтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстандын эки районундагы кембагал 100 үй-бүлөгө бир жолу төлөнүүчү 100 миң сомдук грант берилет. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык камсыздандыруу министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Министрлик БУУнун Бүткүл дүйнөлүк тамак-аш программасы менен бирге "Социалдык келишимдин негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам" аттуу инновациялык пилоттук долбоор баштады. Долбоор Нарындын Жумгал району менен Баткендин Кадамжай районуна тиешелүү.
Бул аз камсыз үй-бүлөлөр менен мамлекеттин ортосундагы келишим болмокчу. Анда жакыр үй-бүлөлөр иш башташ үчүн 100 миң сом грант алат. Муну менен катар аларга финансылык сабаттуулук, бизнес-план иштеп чыгуу боюнча консультация берилип, айыл чарба жаатында ар кыл сабактар өтүлөт.
"Долбоор мал багуу, сүт азыктарын сатуу, тигүү кызматтары, теплица сыяктуу тармактарды түшүнгөн, бизнес-идеялары бар жакыр жашаган үй-бүлөлөргө ылайыкташылган", — деп айтылат маалыматта.
Социалдык келишимдерди ишке ашырууда министрлик айрым учурда жергиликтүү бизнес жана ишкерлер менен кызматташарын кошумчалады.
Венгрияда окуган Аида: Кыргызстандын айылдарын өнүктүрүү жолун изилдедим