Жакында эле белгилүү актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын бюсту соцтармакта коомчулуктун алкоосуна татыды. Ага чейин улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун образы элди тамшандырган.
Ушул эмгектердин баарын көңүлүн коюп, жүрөгүн берип, изденип скульптор Тамила Маматова жараткан. Сакадай бою сары алтын назик кыздын ушундай оор ишти колго алып, жандуу образ жаратканына таң бересиң.
Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын ээси, таланттуу скульптор Тамила Маматова Sputnik Кыргызстан агенттигинде болуп, өлкөдөгү аталган тармактын абалынан кеп салды.
Маматова: мен кичинемден эле чопо, пластилин менен ойногонду жакшы көрчүмүн. Андан кийин сүрөт тартуу, живопись менен алектене баштадым
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Адам скульптор болуп калыптанбайт, бул тубаса талант деп эсептейм. Кошуласызбы?
— Мен кичинемден эле чопо, пластилин менен ойногонду жакшы көрчүмүн. Андан кийин сүрөт тартуу, живопись менен алектене баштадым. Ал кезде сүрөттү жандуу жана көлөмдүү кылып жасоо мени кызыктырганы ырас. Ошол себептен да скульптор болуп калдым окшойт. Үйдөгүлөрдүн айтымында, чоң аталарым уста болгон экен.
Медиктердин үй-бүлөсүндө чоңойгондуктан апам менин врач болушумду каалачу. Мен болсо керели кечке ооруканада жүрүүнү жактырчу эмесмин. Дүйнөгө болгон көз карашымды кеңейтип, эл-жер кыдыргым келчү. Азыр кесибим менин тилегимдин ишке ашышына өбөлгө болуп, апам болсо ишиме сыймыктанып отурат. Бир кезде каршы чыкканын унутуп деле койсо керек.
— Санкт-Петербургда окуп калууңузга эмне себеп болду?
— Мектепти өз айылымдан аяктап, анан кыялымды ишке ашыруу үчүн Бишкектеги Тургунбай Садыков атындагы Улуттук сүрөтчүлөр академиясына келип тапшырдым. Бул жактан кесибимдин техникалык жагын өздөштүрдүм. Бирок жасаган эмгектерим бир нерсе жетишпегенсип эле мени канааттандырбай туруп алды. Ошондо билимимди Санкт-Петербургдан улантууну чечтим. Бул идеяны окутуучуларым да колдоду. Чеберчилигимди гана өстүрүүнү каалабастан, орус тилин да жакшыртууну ойлодум. Окууга тапшыруу оорчулук деле жараткан жок. Ошентип Россия искусство академиясынын алдындагы Репин атындагы Санкт-Петербург мамлекеттик академиялык живопись, скульптура жана архитектура институтунун студенти болуп калдым.
— Чыңгыз Айтматовдун скульптурасы сиздин дипломдук ишиңиз экенин билебиз. Бул амбициялуу чечимди кантип кабыл алдыңыз?
— Манас менен Чыңгыз Айтматовдун образын жасоо боюнча көпкө ойлондум. Акыры улуу жазуучуну тандадым. Айтматовдун образын тирүү кезиндегидей жандуу жасоону кыялдангам. Мугалимдерим да тандоомду абдан жакшы кабыл алышты. Алар да Чыңгыз Төрөкуловичтин чыгармачылыгын жогору баалашат. Бирок мага жазуучунун жаш кезин чагылдырууну айтышкан. Анан эскиздер менен иштеп отуруп, үч метрлик скульптура бир жылга созулду.
Маматова: Манас менен Чыңгыз Айтматовдун образын жасоо боюнча көпкө ойлондум. Акыры улуу жазуучуну тандадым
© Фото / предоставлено Тамилой Маматовой
Болот Төлөнович (Болот Шамшиев — ред.) ошол учурда мааракесине карата Айтматовдун эстелигин коюуну көздөп, көңүлүндөгүдөй скульпторлорду издеп жүргөн экен. Эч биринин ишин жактырбаптыр. Анан менин эмгегимди көрүп дароо жактырды. Аны Бишкекке орнотууну каалаган, бирок тилегине жеткен жок. Ушул кезге чейин бул чыгармамды колодон жасоону кыялданып келем. Башка деле заманбап материалдар бар, бирок коло көпкө чыдайт. Коло — бул чыныгы классика да! Ошол себептен өз каражатым менен калыбын (форма) куюп, бул жакка алып келдим. Мунун бардыгына көп каражат, күч жумшалды. Анан эки жыл иштелбей жатты. Анткени коло менен иштөөнүн ырахаты арзан эмес. Демөөрчүлөр чыкпагандыктан ыргытып да салууну ойлодум. Анан эле интернетте ушундай ажиотаж жаралганын көрүп, ал оюмдан кайткам. Социалдык тармакка жарыяланган жазуучунун эстелигинин алдына жазылган комментарийлерди окуп апам сүйүнүчтөн ыйлап, жакындарым да абдан кубанышыптыр.
— Кыргызстандын атын чет мамлекетте бир канча ирет тааныттыңыз. Иш сапарларыңыз тууралуу айтып бериңизчи?
— Бишкектеги сүрөтчүлөр академиясында окуп жүргөндө Роза Отунбаеванын демилгеси менен Германиядан тажрыйба топтоп келгем. Кийин Петербургдан Италияга жиберишип, алардын искусствосун сүйүп калдым. Кыргызстанга келгенде кумдан жасалган скульптуралар фестивалына чакырышып, укмуш чоң кылып Манас баатырдын эстелигин жасадым. Ошол эмгегимди көрүп Түркияга, кийин Италиядагы симпозиумга бардым. Анда эки метрлик кыргыз кызынын скульптурасын жасагам. Кийин билсем, ал эмгегимди уюштуруучулардан сатып алып, Венециянын парктарынын бирине коюшуптур. Андан кийин Казакстанга, Россияга бардым. Ал симпозиумда Каныкей апабыздын эки метрлик скульптурасын жасагам.
— Жакында эле Таттыбүбү Турсунбаеванын бюстун жасаганыңыз көпчүлүктүн көңүлүн буруп отурат...
Таттыбүбү Турсунбаеванын бюсту
© Фото / пресс-служба Министерства культуры КР
— Бул иш төрт айга созулду. Өткөн жылдын ноябрь айынан баштап актрисанын туугандарына, уулуна көрсөттүм. Жаныш Кулманбетов агайдын Таттыбүбү тууралуу жазган китеби бар экен. Ал киши өнөрканама келип ойлорун айтып, кенен баарлашып кетти. Анан тасмада жараткан образдарын көрүп, Таттыбүбү Турсунбаева тууралуу окуп чыктым. Мен бул актрисаны "Кызыл алма" фильминен жакшы билем, кичинемде көп көргөндүктөн эсимде ошондой сакталып калыптыр. Ошол фильмде актрисанын сулуулугу ачылган. Анан Айтматовдун скульптурасын жасап жатканда да эмнегедир ушул фильмди кайра-кайра көрө берчүмүн. Актрисанын портретин жасоо идеясы ошондо эле пайда болсо керек. Ноябрда убактым болуп калганда көптөр "ушул актрисаны жасап көрбөйсүзбү" деп да айтып калышты. Ушунун баары түрткү болуп отуруп анын образын иштеп чыктым. Эми жакында актрисанын бюсту Жаныш Кулманбетов жана министрибиз Азамат Жаманкуловдун демилгеси менен Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын фойесине коюлат.
— Буга чейин бир топ эл аралык сыйлыктарды багындырганыңыз биз үчүн да сыймык. Эми алдыдагы пландарыңыз, кадамдарыңыз кандай болот?
— Жаңы окууну бүтүп келгенде Чуйков атындагы училищеде бир жыл сабак берип калдым. Менин тайпамда үч эле бала окучу. Бир жыл өтүп, скульптура факультетин жаап коюшту. Андан кийин академияга сабак берүүгө чакырышкан, бирок бул жаатта демим сууп калыптыр. Ошентсе да алган билимимди жасаган скульптураларым аркылуу көрсөтүп жатам деп ойлойм. Себеби талантың, образды сезе билүүң, билимиңдин баары айкалышып келип, кол эмгегиңде чагылып турат. Ошондой эле ишимден өрнөк алган жаш таланттар да бар деген ойдомун. Мага "Шакирт болсок болобу? Бизди окутпайсызбы" деп телефон чалып, көп суранышат. Мен дагы убагында скульптура жасоону телевизордон көрүп же китептерден окуп өз алдымча үйрөнчүмүн. Ушул жылы Кыргызстанда жеке көргөзмөмдү ачууну көздөп жатам. Алгач музей менен сүйлөшүп, материал чогултуп, демөөрчү издешим керек. Демөөрчү болсо жасап жаткан эмгектеримди гипстен колого өткөрсөм болор эле.
Маматова: Россия искусство академиясынын алдындагы Репин атындагы Санкт-Петербург мамлекеттик академиялык живопись, скульптура жана архитектура институтунун студенти болгом
© Фото / из личного архива Тамилы Маматовой
— Буга чейинки белгилүү скульптор катары Тургунбай Садыковду, Ольга Мануйлованы жакшы билебиз. Кыргызстандагы скульптура тармагына кандай баа бересиз?
— Совет учурунда комиссия абдан катуу болгондуктан ошол убакта жасалган скульптуралардын сапаты мыкты, ары кызыктуу болчу. Үч жылдан бери байкап жатам, бизде көп эле конкурстарга катышасың, бирок калыстар тобунда биздин тармакта белгисиз, такыр эле башка кесиптин ээлери отурушат. Көз карашы ар түрдүү, көбү скульптураны түшүнүшпөйт. Жыйынтыгында таанышына же тууганына жеңишти ыйгарып коюшат экен. Мен үч-төрт конкурска катыштым, бирөөндө эле 3-орунду алдым. Калганында мага орун тийген жок (жылмайып). Сүймөнкул Чокморов боюнча эмгегимдин фрагменттерин келип көргөндөр абдан жактырып, "сынакка катышсаң болмок экен" дешет. Чынында мен катышып өтпөй калгам. Менимче, көркөм кеңешти күчөтүп, конкурска келген эмгектерди элдин да сынына коюу керек. Эл түз айтат. Коомчулукта да тубаса таланттуу, искусствону түшүнгөн адамдар бар. Коюлуп жаткан скульптуралар кээде абдан шашылып жасалып же бир эле авторго жеңишти бере беришет тура. Ошол себептен да бизде бул тармактын иши солгундап бара жатат. Мындай скульптураларга көп убакыт сарптап, шашпай жасоо керек. Кээде бир айдын ичинде эле ары-бери кылып орнотуп коюшууда.
— Европада абстракция жанрына көп көңүл бурулуп жатканы байкалат. Бизде көбүнчө кайсы жанрлар менен иштешүүдө. Эмнеге көңүл бурсак?
— Бизде азыр соцреализм жана реализмге көңүл бурушат. Мен Европада көп жүрүп калдым, симпозиумдар арасында реализмди көп карашпайт. Ал жакта абстракцияны абдан жакшы көрүшөт. Же гиперреализм болушу керек. Мында реализмден да өтүп, скульптуранын каш-кирпигинен бери түшүрүп, боёп да салышат. Ушул эки жанр алдыда бара жатат. Бирок азыр өнөрканамда абстракцияны жасап баштадым. Жайында англиялык скульптордон интернет аркылуу жеке сабак алгам.
Маматова: демөөрчү болсо жасап жаткан эмгектеримди гипстен колого өткөрсөм болор эл
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Биздикилер аны кандай кабыл алып жатышат?
— Бул жердегилердин эч кимисине деле көрсөткөн жокмун. Биздикилер абстракцияны азырынча түшүнбөйт. Ал эми чет элдиктерге эмгектеримди көрсөтсөм реализмди карабай, абстракцияларымды жакшы кабыл алып жатышат. Эки башка кабыл алууга, түшүнүккө абдан таң калдым. Ушундай айырмачылыктар бар. Муну өзгөртүү үчүн бизде абстракция боюнча көргөзмөлөр болуп, курстар ачып же чет элден скульптурлорду чакырып симпозиум өткөрүп турушубуз керек. Экономикабыз көтөрүлүп, элдин жашоосу жакшырмайын бул жанрларды коомчулук такыр кабыл албашы да мүмкүн. Экономикабыз өнүксө калк өзү эле искусствого көңүл буруп, театрга жана музейге бара баштайт. Бирок пандемиядан кийин элдин театрга жана музейге көп барып калганы байкалат. Бул жагы абдан жакшы.
— Сиз эл аралык көргөзмөлөрдү көп уюштурдуңуз. Кайсы гана элди же этносту албайлы, баары өз каада-салтына, менталитетине байланат. Бизде деле ошол. Кыргыз скульпторлордун эмгектерин башкалар кандай баалайт?
— Россия менен КМШ өлкөлөрүнүн бул жаатта маданияты окшош. Реализмди жакшы кабыл алышат. Россияда окуп калып, кыргыз темасына көп кайрылып калдым. Алар аябай жакшы кабыл алышчу. Керек болсо сынактарда кыргыз темасына арналган эмгектерим 1-2-орундарды алчу. Чет элдиктер керамикадан же кийизден жасалган улуттук колориттеги буюмдарды абдан жылуу кабыл алышат. Чет өлкөдө скульптура, живопись жаатында маданий иш-чаралар өтсө, биздин адистерди сөзсүз чакырышы керек деген ойдомун. Бул иш-чаранын деңгээлин гана көтөрөт.
Маматова: медиктердин үй-бүлөсүндө чоңойгондуктан апам менин врач болушумду каалачу. Мен болсо керели кечке ооруканада жүрүүнү жактырчу эмесмин
— Бизде белгилүү инсандар, таланттар абдан көп. Эми кайсы тарыхый инсандын скульптурасын же бюстун жаратуу оюңузда бар?
— Мен портрет жанрына көбүрөөк көңүл бурат экенмин. Эми Саякбай Каралаевдин же Курманжан датканын образын жасагым келип жатат. Тарыхый инсандарга арналган көргөзмө ачуу да оюмда бар. Анда кыргыз колоритине арналган чыгармалар болушу керек. Азыр тематикасына токтой элекмин. Быйыл Елизавета IIнин юбилейи экен. Ошого карата элчиликке анын скульптурасын "Кыргызстандын атынан Англия элине" деп тапшырдым. Мүмкүн келечекте президенттердин портретин жаратып калармын. Чет элдик скульпторлорду чакырып Бишкекте симпозиум уюштургум келет. Буга чейин Тургунбай Садыков уюштуруп келген, бирок азыр шартка байланыштуу жасабай калды. Дүйнөлүк скульпторлор менен борбордогу жаңы парктарга эмгектерди жаратсак болот. Буга мамлекеттин колдоосу керек. Ушундай көп максаттарым бар, беш-он жылдын аралыгында ишке ашып калар.
— Сиздерге мамлекет колдоо көрсөтүп жатабы? Скульптура мээнетти, убакытты, ойлонууну талап кылган тармак. Ошол эле учурда жанды, үй-бүлөнү да багуу керек эмеспи...
— Мурунку Сүрөтчүлөр, Жазуучулар союзу азыр мамлекетке карабай өздөрүнүн жанын өздөрү багып калышты. Биздин союз да ошондой. Мурда сүрөтчүлөргө айлык берип, өнөрканага каражат бөлүнгөн. Азыр анын бири да жок. Ар ким өз жанын өзү бакмай. Гапар Айтиевдин үй-музейи абдан начар абалда турат. Окууну бүтүп келгенде "ошону мага бериңиздер, оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жарымын өнөркана, жарымын үй-музей кылам" деп союзга баргам. Бирок үй-музей мамлекетке карабайт, менчикте экенин айтышты.
Бизге өкмөт көңүл бурбайт. Жыл сайын чет мамлекетке барып, бир-эки симпозиумга катышып келем. Башка өлкөнүн сүрөтчүлөрү өлкөнү сыртка таанытып келгени үчүн жылына стипендия аларын айтышат. Бизде андай жок. Анан да азыр шаарда бош имараттар абдан көп. Ошол себептен министрликке "жаш сүрөтчүлөргө бир имарат бөлүп берсеңиздер, баары ошол жерде эмгектенмек" деп кайрылгам. Бирок жыйынтык жок. Көп эле сүрөтчүлөр үйүндө, эптеп бир бурчта тыгылып иштешет. Кыйналгандарын көрүп эле жүрөм. Эч кимибиздин туруктуу өнөрканабыз жок. Ижарага алуудан да коркосуң. Анткени бирде буюртма болот, бирде жок. Акысын төлөй албай калсаң, оокатыңды көтөрүп алып кайда барасың? Министрлик өнөркана салып берерин айткан. Эми аны убакыт көрсөтөт, бирок биздин бийлик убада эле бере берет экен.