БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Республикалык штаб Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавируска каршы эмделгендер боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, өткөн суткада коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасы менен 9 542 адам эмделсе, 740 киши экинчи дозасын сайдырган. Ал эми 9 542 киши бустердик дозасын (антителону көбөйтүү максатында алынган үчүнчү доза) алган. Муну менен өлкөдө биринчи доза менен эмделгендердин жалпы саны 1 406 827ге жетти. 1 140 687 адам экинчи дозасын алса, 104 132 киши үчүнчүсүн сайдырды.
Өлкө эли коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын 2021-жылдын ноябрь айынан тарта ала баштаган. Адатта COVID болгондор вакцинаны айыккандан бир айдан кийин алышат. Сезондук сасык тумоого жана В вирустук гепатитине каршы вакциналарды сайдыргандар жети күндөн кийин коронавирустан сактаган эмдөөдөн өтсө болот.