Бишкектеги өкмөттүк трассада автоунаа өрттөнүп кетти. Видео

Окуя Айтматов проспектиси менен Түштүк магистралдын кесилишинде болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Бишкектин түштүк тарабында жеңил автоунаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.
ӨКМдин маалыматына караганда, Айтматов проспектиси менен Түштүк магистралдын кесилишинен саат 20:30да чакыруу түшкөн. Жерине бир өрт өчүрүүчү унаа жиберилген.
Саат 20:42де өрт чектөөгө алынып, 20 мүнөттөн кийин толугу менен өчүрүлгөн. Жабыркагандардын бар-жогу айтыла элек.
Бишкекте эки кабаттуу имараттан өрт чыкты. Видео