Бийлик унаа терезесин караңгылатууга макулдук берүү үчүн бир шарт койду

Министрлик бул карызды өндүрүүнүн дагы бир ыкмасы болуп каларын белгилеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Экономика министрлиги автоунаанын алдыңкы эшиктеринин терезесин караңгылатууга бир шарт менен уруксат берилерин билдирди.
Министрликте ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, алар терезени караңгылатууга уруксат берүү тартибин иштеп чыгуу, анализ жүргүзүү жана баасын аныктоо менен алектенүүдө. Мыйзам долбоору парламентте биринчи окуудан өттү.
Автоунаа терезесин караңгылатууга транспорт салыгы жана жол эрежесин бузганы тууралуу айып пулун толук төлөгөн жеңил машинанын ээлерине гана уруксат берилсин деген шарт коюлууда. Албетте, караңгылатуу үчүн да белгиленген сумманы төлөйт. Министрлик бул карызды өндүрүүнүн дагы бир ыкмасы болуп каларын белгиледи.
Бийлик буга чейин эгер мыйзам күчүнө кирип калса унаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуунун болжолду суммасы 30-50 миң сом болорун билдирген. Баасын министрлер кабинети мыйзам кабыл алынгандан кийин чечет.
Ошондой эле Акылбек Жапаров мындан түшкөн каражатты майыптыгы бар жарандарга коляска жана жабдуу алууга, бир бөлүгү Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга жумшала турганын айткан.
Кыргызстанда седан кузовундагы автоунаалар канчага кымбаттады? Инфографика
Оң рулдуу автоунааларды ташып келүү: ЕАЭБде тыюу салынбайбы?