Кыргызстан агрардык өлкө деп айтылганы менен республика маанилүү азык-түлүктүн басымдуу бөлүгүн, анын ичинде буудай менен унду да сырттан сатып алат. Бирок өндүрүшчү мамлекеттерде да буудайдын түшүмү боюнча абал көңүл жубатарлык эмес. Ушул тууралуу маалыматтарды топтоп, баам салдык.
КР өзүн буудай менен канчалык камсыздай алат?
Былтыр ноябрда мамлекет башчы Садыр Жапаров республика өзүн азык-түлүктүн айрым түрлөрү боюнча 40 пайызга гана (кеп ата мекендик өндүрүш туурасында) камсыздай аларын айткан.
Өлкөдө буудайдын түшүмү кандай жана канча көлөм зарыл?
Кыргызстанда эгиндин түшүмдүүлүгү эки эсеге чейин, тагыраагы, 25,5тен 14,5 центнерге дейре төмөндөп кетти. Натыйжада дан эгиндеринин бул түрүнүн түшүмү төмөнкүдөй көлөмдө:
2020 — 629 миң тонна;
2021 — 362,7 миң тонна.
Эки жыл мурун Тегирменчилер комитетинин төрагасы Рустам Жунушев жана мурдагы айыл чарба министри Төрөгул Беков өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн жергиликтүү жана импорттолгон буудайдын тийиштүү көлөмү боюнча өз эсептеринен бөлүшкөн. Экөө тең бирдей көрсөткүчтү — жылына 1,2 миллион тонна зарыл экенин белгилешкен эле.
Кыргызстан сырттан канча буудай жана ун импорттойт?
Былтыр 11 ай аралыгында республика 186,3 миң тонна буудай импорттогон. Негизги жабдуучулар:
Россия — 93,3 миң тонна;
Казакстан — 92 миң тонна;
Өзбекстан — 1 миң тонна;
Түркия — 15 тонна.
Ушул эле мезгил аралыгында Кыргызстанга буудай жана кара буудай уну сырттан дээрлик 52 миң тоннадан ашуун, атап айтканда, 50 миң тоннанын тегерегинде Казакстандан, ал эми Кытай жана Россиядан болжол менен миң тоннадан, калган бөлүгү бөлөк өлкөлөрдөн чакан көлөмдө ташып келинген.
Россия менен Казакстандагы түшүм жагдайын карап көрөлү.
Россиядагы абал
Декабрда РФтин айыл чарба министри Дмитрий Патрушев дан эгин көлөмүнүн таза жыйымы былтыр 123 миллион тоннадан ашып, анын ичинде буудайдын түшүмү 76 миллион тоннаны түзгөнүн маалымдаган.
2020-жылы Россияда 133,5 миллион тонна эгин, анын ичинен 85,9 миллион тонна буудай жыйналган. Былтыр РФте буудайдын түшүмү дээрлик 10 миллион тоннага төмөн болгон.
Казакстандагы кырдаал
Казакстан Республикасынын Улуттук статистикалык бюросунун маалыматы боюнча буудайдын дүң жыйымы 2,4 миллион тоннадан ашуун көлөмгө азайган.
2020 — 14 миллион 258 миң тонна;
2021 — 11 миллион 814 миң тонна.
Чанактуу дан (буудай, күрүчтү кошо эсепке алганда) да былтыр 3,7 миллионго аз жыйналып, 16,4 миллион тоннаны гана түзүп калган.
Экспорттоочу өлкөлөрдүн бийлиги кандай чара көрөт?
Россияда буудай 10 миллион тоннага аз жыйналганы менен айыл чарба министри Дмитрий Патрушев алынган түшүм да экспорттоого жетет деп билдирген.
Россиянын айыл чарба министри Дмитрий Патрушев
© Фото / пресс-служба Государственной Думы РФ
/ "Былтыркы түшүм өлкөбүздүн ички керектөөсүн да, экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн да толугу менен камсыз кылат", — деп белгилеген россиялык министр.
Сентябрда Казакстандын айыл чарба министри Ербол Карашукеев да экспорт маселеси боюнча пикирин айткан. Ал дан эгин жана чанактуу дандын дүң жыйымы 16 миллион тоннадай болорун болжогон, айтканы туура эле чыкты. Мындай көлөм деле мурдагы жылдардан калган запас менен кошо өлкөнүн ички керектөөсүн камсыз кылат.
Казакстандын айыл чарба министри Ербол Карашукеев
© Фото / пресс-служба премьер-министра Казахстана
"Жаңы сезондо Казакстандын буудайы жана уну мурункудай эле Орто Азия, Иран жана Афганистанга экспорттолот. Дан эгиндин жогорку сапатынын эсебинен Кытайга буудай ташуунун көлөмүн көбөйтүүгө болот", — дейт Карашукеев.
Ун кымбаттайбы? КР тегирменчилери эмне дешет?
Азыркы жагдай туурасында Кыргызстандын тегирменчилер комитетинин төрагасы Рустам Жунушевдин пикирин тыңдадык. Анын айтымында, өлкө буудайдын көп бөлүгүн Россиядан сатып алат. Анткени ал жакта Казакстандагыдан 15-20 пайызга арзан. Сентябрда Кыргызстанда дан эгиндери кошумча нарк салыгынан бошотулган. Ошол себептен азыр 25-26 ун комбинаты иштөөгө мүмкүнчүлүк алган. Салыктан бошотуу унду аткезчилик менен ташып келүүгө каршы күрөшүүгө жол ачты.
Сентябрдан январь айына чейин ундун баасы 2-3 пайызга көтөрүлгөн, анткени буудайдын наркы килограммына 17,5тен 19,5 рублга чейин өскөн эле.
Январдын экинчи жарымында ундун килограммы 50 тыйынга (копейкага) кымбаттап, Луговоя станциясында 20 рублди түзүп калган; ошентсе да транспорттук чыгымдары менен кошулганда 23-23,5 рублге чыгат.
Бул багыттагы ар бир ишкана ун жана буудайдын бир жарым-эки айлык коруна ээлик кылат. Ушул тапта биринчи сорттогу ундун килограммы 31-32 сом, бирок келерки айда 0,5-1 сомго жогорулашы ыктымал. Буга дан эгиндин наркынын көтөрүлүшү себеп.
Азыр баа туруктуу, анткени тегирменчилер азырынча мурдагы баа менен топтогон буудайды пайдаланууда. Ундун мындан аркы баасы буудайдын баасына жараша аныкталат. Ундун кескин кымбаттап же анын таңсыктыгы жаралышына азыр эч кандай негиз жок. Адатта ун сыртка ташылып же буудайдын импорту токтогон маалда ошондой дүрбөлөң башталат, ал эми азыр андай көрүнүш деле байкалбайт.
РФте түшүмдүн азайышы Кыргызстанга анча таасир этпеди. Себеби Россия рыногу үчүн "700-800 миң тонна — чакан эле көлөм, сезилерлик деле таасири болгон жок".
Казакстандагы бул жагдай деле КР рыногуна анчейин чагылган жок, анткени алардан азыраак көлөмдө гана сатып алчу болдук.
Кыргызстан бийлиги эмне дейт?
Былтыр ноябрдын аягында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков түшүм жакшы жыйналбаганына карабастан буудай жаатында көйгөй жаралбастыгын билдирген.
Ал эми жыл жыйынтыктаар маалда экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев республикада азык-түлүктүн баасы кескин кымбатташы күтүлбөгөнүн айткан. Мурдатан чара көрүлүп, ун, кумшекер импорту кошумча нарк салыгынан бошотулуп, запас топтолгонун түшүндүргөн. Бул аракет оң натыйжа берген.
"Менимче баа кескин жогорулап кетпейт. Кандай болгон учурда да кырдаалга көз салып, өкмөт таңсыктыктын жаралышына жол бербейт", — деп ынандырды Амангелдиев.
20-январда айыл чарба министри быйылкы түшүм 2021-жылга салыштырмалуу кыйла жакшы болоруна үмүт жандырган. "Бул үчүн биз баарын аткарууга тырышабыз. Дан эгиндин түшүмү бул жылы былтыркыга караганда дурус болот деп турабыз", — деген Жаныбеков.
Эртеси күнү Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жетекчисинин орун басары Рустам Каракулов 2021-жылы 63 миң тонна буудай, 3 миң тонна кант жана 2 миң тоннанын тегерегинде өсүмдүк майын сатып алууга Россия менен келишим түзүлгөнүн маалымдаган. Каракуловдун айтымында, Мамлекеттик материалдык резерв гуманитардык жардам көрсөтүү же рыноктогу бааны турукташтыруу үчүн өкмөттүн чечими менен гана чыгарылат.