Опера ырчысы Кускаков: декорациядан улам чек арадан өтө албай кыйналабыз

Опера жана балет театрынын түптөлгөнүнө бир кылымга жакындап калды. Өз ишин аткарып, алдыга карай умтулуп келгени менен опера жаатынын түйшүгү жана көйгөйү бар.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти, КР эл артисти Каимбек Кускаков мейманда болду.
Өткөн кылымдын 30-жылдарында өлкөдө музыкалык маданият улуттук аспаптар менен гана чектелсе, 1936-жылы советтик мыкты композиторлор Владимир Власов, Владимир Фере жана дирижёр Василий Целиковский чакырылат. Үч жылдын ичинде жаңы профессионалдык музыкалык искусство түзүү милдети коюлуп, кыргыздын таланттуу инсандарынын, композиторлорунун жардамы менен Улуттук опера жана балет театры толук кандуу иштей баштаган.
— Кепти бала чагыңыздан баштасак. Мектепте окуп жүргөндө эле теңтуштарыңыз менен вокалдык ансамбль түзгөн экенсиз. Музыкага кичинеңизден жакын болсоңуз керек?
— Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда төрөлүп-өскөм. Ата-энем көп жыл малчы болушту. Бийик-бийик тоолордо мылтык көтөрүп, турнабай асынып, ат жалында чоңойдум.
Мектепте пионер болууну көксөп, атайын отряддарды түзүп темир-тезек жыйнап, кары-картаңдарга жардам берип, согуштан кийин жалгыз бой калгандардын үйлөрүнө барып көмөктөшчүбүз. Ошентип кенедейибизден эмгекке тарбияландык. Кийин кичине чоңоюп калганда айылда өзүбүзчө вокалдык аспаптар ансамблин түздүк. Клубда гитара, мандолина, саксофон, барабан жана комуз бар эле. Азыр андай жок. Айылдарды кыдырып, совхоздорго оюн койчубуз. Бир да майрам биздин ансамблсиз өтчү эмес.
— Ал кезде мал доктур болуу абдан популярдуу экен. Бирок армияга барганда опера ырчысы болууну биротоло чечиптирсиз. Бул жагы кандайча болду?
— Атам чабан болгондуктан мал доктурлар, зоотехниктер үйгө байма-бай келет да. Анан сумкаларын асынып, ээр токумун токунуп, зымпыйып аттын тыңын минип келип калышса эле мага үлгү катары көрүнүшчү. Совет мезгилинде эмнегедир "ата кесибин аркалоо" деген түшүнүк бар эле. Анан 9-классты бүтөрүм менен мени үйдөгүлөр Айыл чарба техникумунда окууга Түпкө жөнөтүшкөн. Бир күнү суунун аркы өйүзүндөгү чабан жаанда үйүнө жетпей калып биздикине келип түшөт. Атам ал кишини үйгө киргизип, экөө сүйлөшүп отуруп сөз арасында менин окууга кеткенимди айтат. Анан тиги чабандан техникумда топтошуп мушташкан жалаң тартиби жоктор окуурун уккан атам айнып, кайра келип 10-класста окуп калгам. Кийинки жылы документимди колума карматып, чөнтөгүмө 55 рубль салып, Борбордук комитетте иштеген бир тууган таякемдикине жиберди. Көрсө чөп чабыкта жүрүп окууга тапшырууга кечигип калыптырбыз. Анан эле "Вечерний Фрунзе" гезитин окуп отуруп, опералык студияга балдар кабыл алынып жатканын билдим. 20 сом стипендиясы да бар экен. Ошону менен бир жыл анда окуп, 1978-жылы хор артисти кылып ишке алышты. Көп өтпөй эле армияга чакыруу келди, жөнөп кеттим. Ал убакта ар бир жигит армияда кызмат өтөчү. Барбагандарга кыздар тийбей да койчу. Ошентип Германияга жөнөтүлүп, жолдон "ырчы, актёр, таланттуулар барбы?" деп сураганда кол көтөрүп жазылып койгом. Ошону менен бир эшелондон баарыбызды түшүрүп, музыканттар тосуп алып ырдатышты. Моцарттын "Фигаронун үйлөнүү тою", Насыр Давлесовдун "Чолпон-Ата" чыгармасын жаттап алгам, аны койкоңдоп ырдап бердим. Жагып калдым окшойт, күлүп кол чаап эле мени дароо музыканттар өзүнчө алып кетип, "Песни и пляски" ансамблине туш болуп калдым. Ал жер балети, оркестри, хору да бар бүтүндөй бир театр экен. Эки жыл ошол жерде кызмат кылдым. Немецтерди кыдырып дайым концерт берип турдук. Келишим менен иштеген мыкты музыканттар 45 күнгө эмгек өргүүгө кеткенде өзүбүзчө топ түзүп алып, аскердик полкторду аралап концерт коёр элек. Ошол кездеги Варшава келишими уюмуна кирген жети мамлекетти да кыдырып чыкканбыз.
Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти, КР эл артисти Каимбек Кускаков: Улуттук костюмдарыбызга, реквизиттерибизге бөлөкчө саясий баа берилип, оңой менен чек арадан өткөрбөйт.
— Ал жактан да тажрыйба алган экенсиз да?
— Ооба, бир тууган агам Акелең Кускаков 1970-жылдардын аягында алгач Семён Чуйков атындагы окуу жайды, андан кийин Ташкенттеги Николай Островский атындагы институтту бүтүп келген. Убагында Москва шаарындагы мамлекеттик театр өнөрү институтунда (ГИТИС) да билим алды. Ошол киши кесип тандоомо чоң түрткү берген. Армияга да "бул да болсо чоң дөөтү. Бизде ата-бабалардан келе жаткан талант бар. Кесибиңди таштаба" деп далай кат жазып турду. Тилекке каршы, бир жыл мурун абамдан айрылып калдым.
— Опера ырчысы болуу үчүн тогуз жыл окуганыңызды айтыптырсыз. Чын эле ушунча убакыт керекпи?
— Албетте. Негизи армияда жүргөндө Германияда калып, кызмат өтөөгө сүйлөшүп жатканбыз. Анан эле россиялык белгилүү ырчы Николай Гнатюк концерт коюп келип калып, кечкурун биз менен далайга сүйлөшүп отурду. Биз ал кезде дембель болчубуз. Анан ал "силер бул жерде калбагыла, Союзга баргыла. Окуп, билимди өркүндөткүлө, ата-энеңер күтөт" деди. Анын ушул эки ооз сөзү эле таасир берди көрүнөт, бирибиз да калбай үйгө кеттик. Бишкекке келип кайрадан хордо иштеп, аны менен катар окуп да жаттым. Ошентип армия менен жалпы 11 жыл окуп, тажрыйба топтодум. Армияда да көп белгилүү орус музыканттардан билим алгам. Алар менин үнүмдү баалап, Ленинградда окууга чакырышкан. Бирок ал ортодо үйлөнүп, балалуу болуп, үй-бүлөлүк түйшүк менен калып калдым. Ошентип, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда КР Эл артисти Марлен Темирбековдун колунда жети жыл тарбияландым.
— Операда репертуар тандоо маселеси кандайча каралат?
— Курс өйдөлөгөн сайын татаалдашып отуруп, акыркы курста программадагы бардык ырларды өздөштүргөндөн кийин гана диплом берилет. Аны толук өздөштүрө албай калгандарга "камералык ырчы" деген адистик жазылат. Окууну мыкты аяктаган айрымдарга гана "опералык ырчы, камералык концерт солисти жана окутуучу" деген үч кесип бирдей ыйгарылат. 1991-жылы окууну аяктап жатып Ашхабад шаарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жаш опералык ырчыларынын ортосунда өткөрүлгөн конкурста 2-орунду алдым. Ошол чыгарманы даярдоодо улуу талант Калый Молдобасановдун жардамы көп тийди.
Башында балдар спектаклдеринде ырдадым. Анан жүрүп отуруп репертуарыма белгилүү ырлар да кошулду. Константин Станиславский айткандай, кичинекей роль болбойт, кичинекей актёрлор болот. Ошондуктан мага театр эмне берсе баарын аткарып жүрүп отурдум. Опера ырчыларынын көбү карьерасынын жогорку чегинде Жузеппе Вердинин "Риголеттосун" аткарсак деп умтулат. Бирок буга да деңгээл, талант, интеллект керек. Же болбосо "Князь Игорь", "Альфа жана Омега", "Аида" өңдүү эмне деген партиялар бар. Ушунун баары багыма жазылган экен. Опера ырчыларына репертуар, партияларды бөлүштүрүү — театрдын көркөм кеңешинин иши. Алар ар биринин дараметине, үнүнүн диапазонуна карап бөлүштүрөт.
Каимбек Кускаков: Мурда гастролдоп, театрдын артисттери жердин баарын кыдырышкан. Мен да улуу залкарлар менен иштешип, ал доордун четин көрүп калдым. Бир-эки айлап гастролго кетчүбүз. Костюмдардын баары вагон менен барат, биз учак менен маселесиз жетип алчубуз. Баары сонун эле.
— Сиз бул тармакта 40 жылдан ашык убактан бери эмгектенип келе жатасыз. Совет учурунда гастролдоп чет мамлекетке чейин барып келчү элеңиздер. Азыр абал кандай?
— Мен биздин театрдын тарыхын, чыгармачылыкты үчкө бөлүп карайт элем. Ошол эле Сайра Кийизбаева, Абдылас Малдыбаев, Кыдырбек Чодураңов, Бүбүсара Бейшеналиева, Асек Жумабаев 60-70-жылдарга чейин иштешти. Кан күйгөн согушка барып да концерт коюп келишкен. Булардын учурунда театр түптөлүп, там-туң басып бутуна туруп калган. Андан кийин экинчи этапка театрдын гүлдөп, өсүп жаткан кульминациясы кирет. Анда Болот Миңжылкыев, Кайыргүл Сартбаева, Токтоналы Сейталиев, Кусейин Мухтаров өңдүү улуу инсандардын эмгектери калды. Балетте Рейна Чокоева, Айсулуу Токомбаева, Чолпонбек Базарбаев сыяктуу улуу таланттар иштеди. Ошол учурда бизден 14 СССРдин Эл артисти чыккан. 1989-жылдын акырына чейин "Евгений Онегин", "Князь Игорь", "Согуш жана тынчтык", "Борис Годунов", "Дон Карлос", "Фауст", "Мефистофель", "Чио-Чио-Сан" деген укмуш дүйнөлүк спектаклдер коюлду. Анан театрдын үчүнчү мууну биз Союз тараган оор учурга туш келдик. Айлык берилбей, кризисте иштедик. Айрымдар айласыздан ишин таштап кетип калышты. Бирок калгандарыбыз ысык-суукка чыдадык. Баарыбыз кетип калганда театр жабылып калмак.
Мурда гастролдоп, театрдын артисттери жердин баарын кыдырышкан. Мен да улуу залкарлар менен иштешип, ал доордун четин көрүп калдым. Бир-эки айлап гастролго кетчүбүз. Костюмдардын баары вагон менен барат, биз учак менен маселесиз жетип алчубуз. Баары сонун эле. Өлкө аймагын да кыдырып, чабандарга, колхоз-совхоздорго концерт коюшчу. Азыр театрдын керек болсо автобусу жок, эч жакка чыга албайбыз. Чет мамлекетке да бара албай калдык. Анткени бири-бирине каршы келген мыйзамдар бар экен. Улуттук костюмдарыбызга, реквизиттерибизге бөлөкчө саясий баа берилип, оңой менен чек арадан өткөрбөйт. 2009-жылы түрк тилдүү мамлекеттердин арасында ТҮРКСОЙ уюштурган концерт коюлуп, коммерциялык спектакль менен Алматы, Анкара, андан Стамбул, Бакуга чейин кыдырып турне болду. Ошондо чек араларда чоң тоскоолдук жаралган, бирок жеке ырдоо үчүн чет жакка чыга беребиз.
— Учурда жалпы искусство тармагы аксап, көңүл бурууга муктаж экенин айтабыз. Дегеле бүгүн опера ырчыларынын кандай көйгөйү бар?
— Биздин театрдын көйгөйлөрү бөлөк театрлардан он эсе көп десем болот. Анткени кыргыз искусствосунун туу чокусу болуп эсептелинет. Балет, оркестр, опера, хор жана техникалык чеберчилик жааты болуп чыгармачылык коллектив да чоң. Ушунун баарын ар тараптан камсыздап берүүгө мамлекеттин алы келбей турат. Анын үстүнө министрибиздин бат-бат алмашканы да башаламандык жаратат экен. Себеби бири келип бирди айтат, кайра экинчиси башкага багыттайт.
Негизинен мурдагы репертуар менен эле иштеп жатабыз. Театрдын тапкан кирешесин өзүбүзгө берсе жакшы болот эле. Анда бир аздан болсо да репертуарыбызды жаңылап турат элек.
"Токтогул" өңдүү опералар убак-убагы менен коюлуп турса. Анткени мында кыргыздын революция убагындагы жашоосу кенен чагылдырылат. Анда советтик ураандар болгондуктан көп коюлбай калды. Ушундай нюанстары бар. Анан театрга парик, гримге боёк же даарат кагазын алуу үчүн да тендер жарыялашыбыз керек экен. Антпесең коррупция болуп эсептелинет. Мындай система театрга жарашпайт. Ошондой эле оркестрдин музыкалык аспаптары учур талабына жооп бербейт. Мисалы, машина эскиргенде деле шалдырап, тарактаган үндөр чыга баштайт да. Биздин аспаптардын да эскилиги жетти. Акча табылып, тендер жарыяласа ортодо өз кызыкчылыгы барлар да чыгат экен. Ушундай кыжы-кужусу көп иш. Ушул маселелер бизди кыйнап бүттү, ал эми чыгармачылык потенциалыбыз жакшы.
Каимбек Кускаков: Негизи биздин театрдын коллективи чоң болгондуктан жатакана керек экен. Дүйнөлүк белгилүү ырчыларды Бишкекке чакырганыбызда жайгаштыруу маселеси да өз чөнтөгүбүздөн бүтөт.
— Шакирттериңиз тууралуу айтсаңыз, жаш таланттардан да уучубуз кур эмес чыгар...
— Уучубуз кур эмес. Болот Миңжылкыевдин артында мектеби калган экен. Жаштар чыгып иштеп жатабыз. Опера труппасы дээрлик алмашты. Керим Турапов келгенде 14 ырчыны жаңылады. Алар азыр жан талашып эмгектенишүүдө. Бирок турмуш-шартын түзүп беришсе жакшы болор эле. Батирде турушат, көбү бала-бакыралуу. Алардын алды КР эмгек сиңирген артисти наамын алып калса да материалдык абалы "аты улук, супарасы курук" болуп жатат. Президент маданиятты көтөрүп, маянасы жакшыртылары тууралуу айтканын кулагым чалды. Кудай буюрса айлык көтөрүлсө, анан убагында Алмазбек Атамбаев капсула салган, артисттерге арналган төрт турак жай бүткөрүлсө жакшы болор эле. Театрда профсоюз уюмун жетектейм. Кызматкерлерибиз ар кандай маселелер менен кайрылышат. Ошол себептен жеке маселелерин жакындан билем.
Негизи биздин театрдын коллективи чоң болгондуктан жатакана керек экен. Дүйнөлүк белгилүү ырчыларды Бишкекке чакырганыбызда жайгаштыруу маселеси да өз чөнтөгүбүздөн бүтөт.
Бала кезде кырманда иштеп жүргөндө бир ирет театр келип, "Айчүрөк" операсын койгон эле. Ошол да мага чоң түрткү бердиби деп ойлойм. Азыр да аймактар театрга, искусствого суусап турушат. Чакан топ менен кыдырууну уюштурсак абдан сонун болор эле. Анткени таланттын баары айылдан чыгат.
Хореограф Садыркулов: согуш жүрүп, эл ачка калса да искусство унутулган эмес
Пианист, профессор, ишкер... Кыргызстанда төрөлүп, чет жерде атагы чыккандар