Кыргыз күмүшүнө жаңы кардар пайда болду. 2021-жылдын статистикасы

Былтыр Кыргызстанда өндүрүлгөн күмүшкө үч мамлекет кардар болгон. Эң чоң көлөмүн Швейцария алган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстанда күмүштүн экспорту 8,3 тоннага кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Тагыраагы, былтыр чет өлкөлөргө 3,4 миллион долларга 3 тонна 838,6 килограмм күмүш чыгарылган. Ал эми 2020-жылы бул көрсөткүч 12 тоннадан жогору болчу (дээрлик 7,5 миллион долларга сатылган).
Январдан баштап майга чейин бул металлды бизден бир гана Швейцария алып турган. Жай мезгилинде экспорт токтоп, сентябрда 45 килограмм күмүш Россияга сатылган. Октябрда кайрадан Швейцария 25 килограммдан ашыгыраак баалуу металл алган.
Ноябрь айында экспорт болгон күмүш (400 килограмм) Россияга жөнөтүлсө, жылдын соңку айында 132,9 килограмм күмүш Гонконгго (Кытайдын административдик району) кеткен. Баса, Кытай Кыргызстан үчүн жаңы кардар.
Алтын экспорту 12 тоннага кыскарды, бирок жаңы кардарлар пайда болду