Кыргызстандыктар 23-февралда эс алып, бирок бир иш күн кошулат

Буга чейин министрлер кабинети 23-февралды кайра карап чыгууну сунуштап, бирок чечим кабыл алган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүндө кыргызстандыктар эс алат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Анткен менен ишемби, 26-февраль, иш күнү болот. Себеби бул күндүн эсебинен 5-январь дем алыш катары жарыяланган.
Буга чейин министрлер кабинети майрам күндөрдүн көптүгүнө байланыштуу 23-февраль, 7-апрель, 7-8-ноябрь күндөрүн кайра карап чыгууну сунуштаган.
2022-жылдагы майрам жана эс алуу күндөр. Календарь