Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Донецк башчысы Донбасстын жашоочулары массалык түрдө эвакуацияланарын жарыялады

Пушилин Киев бийлиги чуулуу аймакка улам аскерлерин тартып жатканын кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Донецк Эл Республикасынын жетекчиси Денис Пушилин бүгүндөн тарта калкты массалык түрдө Россияга эвакуациялоо уюштуруларын билдирди. Анын видео кайрылуусу Telegram-каналга жарыяланганын РИА Новости жазды.
Анын айтымында, россиялык бийлик менен болгон макулдашуунун негизинде Донецк менен Луганск элине Ростов облусунан орун бөлүнүп, чек ара пунктуларынан тез өтүү үчүн шарттар түзүлдү.
Пушилин белгилегендей, Украинанын куралдуу күчтөрүнө жакынкы аралыкта аймакка кол салуу боюнча буйрук берилет.

"Украинанын президенти Владимир Зеленский жакынкы аралыкта аскерлерге Донецк менен Луганск элдик республикаларына кол салууга буйрук берет", — деди ал.

Пушилин ошондой эле Киев бийлиги чуулуу аймакка улам аскерлерин тартып жатканын кошумчалаган.
Буга чейин Донбасстагы республикалар аймактагы кырдаал курчуп жатканын билдирип, Киев буга чейин жетишилген бардык келишимдерди бузуп жатканын кабарлаган. Ал эми Украина көйгөйдү саясий-дипломатиялык жол менен гана чече турганын айтууда.
Украинанын чыгышындагы конфликт дээрлик сегиз жылдан бери токтобой келет. БУУнун маалыматы боюнча, бул убакыт аралыгында 13 миң адам курман болуп, 44 миң киши жаракат алган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киев тараптан провокация башталды. Кремль Донбасстагы кырдаал тууралуу