Пресс-борбор

Кыргызстандын Жер кодексине өзгөртүү киргизүү сунушталууда

Чүй облусундагы Садовое айыл кеңешинин төрагасы № 309 токтомду күзгө чейин кайра иштеп чыгууну сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Дыйкандар № 309 токтомду ишке киргизерден мурда Жер кодексин өзгөртүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу Чүйдөгү Садовое айыл кеңешинин төрагасы Баялы Саркулов билдирди. Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн №309 токтомду толкулоо боюнча тегерек столго катышты.
Чүйдөгү Садовое айыл кеңешинин төрагасы Баялы Саркулов
"Сөз болуп жаткан № 309 токтомго чейин Жер кодекси менен Жерди бөлүштүрүү боюнча типтүү жобону өзгөртүүнү сунуштайбыз. Кийин ошолордун негизинде № 309 токтомду кайра иштеп чыгышыбыз керек", — деди жетекчи.
Ошондой эле ал азыр дыйкандарга тоскоолдук кылбай, токтомду күзгө чейин кайра иштеп чыгуу зарылдыгын кошумчалады.
"Саналуу күндөрдөн кийин жазгы талаа жумуштары башталат. Дыйкандарга тийишип, бир дагы саат убактысын албашыбыз керек, иштешсин. Андан көрө ар кайсы катмардагы адистерден турган жумушчу топ түзүп, токтомду кайра иштеп чыгалы. Мындай маанилүү документтер кайсы бир тараптардын кызыкчылыгына эмес, ар бир жарандын пайдасына иштеши керек", — деди Саркулов.
Ал ушундай жол менен гана консенсуска келүү мүмкүн экенин билдирди.
Эске салсак, фермерлер министрлер кабинетине № 309 токтомду кайра карап чыгуу боюнча кайрылышкан. Ал документ мамлекеттик фонддогу 270 миң гектар айыл чарба жерлерин айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына мөөнөтсүз берүүнү карайт.
Тагыраагы, анда айыл чарба продукциясын бирдиктүү массивде өндүрүү жана сатуу үчүн кооперативдер, үрөн жана асыл тукум чарбаларга мамлекеттик фонддогу жерлердин 75 пайызын бөлүп берүү каралган.
Пресс-борбор
Селекционер чуулуу №309 токтом үрөн чарбаларына пайда алып келерин айтты
Пресс-борбор
Фермер: илим өнүкмөйүн үрөн чарбаларга канча жер берсе дагы эч нерсе өзгөрбөйт