Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинанын "колдоочуларын" оолактатып... Геосаясий машыгуулар ийгиликтүү өттү

Батыш Украинадан баш тартты. Толук эмес, бирок артка бир чоң кадам жасады.
Sputnik
Москвага келгенге чейин Германиянын канцлери Олаф Шольцтун Владимир Путин менен тааныш эместиги өтө таң калычтуу. Россия президентинин Германия менен болгон алакага мамилесин жана Шольцтун саясий стажын эсепке алганда, чынында өтө кызык жагдай. Экөө жакшылап таанышты, бирок үч саатка созулган жолугушуудагы сөзүнүн басымдуу бөлүгүн эки тараптуу алака эмес Европадагы согуш ээледи. Эки лидердин ортосунда болгон кеп-сөзгө Петр Акопов көз жүгүртүп, макала РИА Новости агенттигине жарыяланган.
"Россия Украинага кол салат" деп ойдон чыгарылган нерсеге Батыш акыркы убакта өзү да ишенип, жалпы дүйнө жүзүн да ынандырууга аракет кылды. Шольцтун Москвага сапары алдында атлантчылар демин басып калышты, Россия жүргүзгөн аскерий машыгуулардын соңуна чыкканын уккан соң деэскалация тууралуу айтыла баштады. Бирок ушунча айтылып келген "орус кооптуулугу" тууралуу теманы жөн эле токтото салуу көп нерсеге аралашпаган немецтер үчүн да ыңгайсыз эле, мындан улам Путин менен бирге өткөн маалымат жыйында Шольц "согуш" жана "деэскалация" деген сөздөрдү абдан көп колдонду:
"Менин сапарым Европадагы эң оор кризистин учуруна туш келди. Россиянын аскерий ишмердүүлүгү жана куралдуу күчтөрүнүн чек араны бойлой жайгашуусу, ошондой эле Россиянын коопсуздук кепилдигин талап кылышы... Биз жүз миң жоокердин эч себепсиз Украинанын чек арасына жакын жайгашканына тычсызданып жатабыз. Деэскалация зарыл. Абал чыңалып турганда согуштун башталып кетишине жол берилбеши керек".
Согуш башталмак да эмес: Москванын Киевге кол салайын деген ою жок болчу, болгону НАТОнун Чыгышка карай кеңейбеши боюнча олуттуу сүйлөшүүлөрдү талап кылып келди. Бирок сунуш четке кагылып, Украинаны альянска кошуу маселеси күн тартибинде жок экенин айтышууда. Бул теманын көтөрүлүп жатышынын өзү кызык имиш. Шольц Киевде ушул тууралуу сүйлөп, аны Москвада да кайталады:
"Кеңейүү каралган эмес, талкууланбайт дагы, күн тартибинде жок. Ар бирибиз өз постубузда турганда бул маселе козголбойт".
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын көзүрү. Батыштын санкцияларынан Европа жабыркайбы
Бирок Германияда кезектеги шайлоо 2025-жылга белгиленген, тарыхый чен менен алганда бул эртеңки күн. Айрым атлантикалык аналитиктер сунуштаган Украинаны алдыдагы 20-25 жылда НАТОго киргизбөө тууралуу кепилдик да маселени чеччүдөй эмес. Шольц Меркель сымал канцлердин креслосунда 16 жыл отура турган болсо дагы 2037инчи эле жыл болот. Дал ушул себептен улам Россия Украинаны атлантизациялоодон баш тартып, маселени Россия-Батыш же жок дегенде Россия-Европа мамилесинин күн тартибинен алып салууну сунуштап жатат.
Анткени Путин айткандай, "Россияны күчкө салып тизгиндөө улуттук коопсуздукка тикелей коркунуч жаратуу деп кабылданууда. Өлкө сунуштаган долбоорлордун негизиндеги юридикалык макулдашуулар дал ушул коркунучтарды жоюуга багытталган". Келгиле, анда ошол эле Европадагы жалпы коопсуздукту талкуулайлы, эмне жолтоо болуп жатат?
Немецтер сөз менен эле макул, ошол эле Шольц: Биз, немецтер үчүн, жалпы европалыктар үчүн туруктуу коопсуздук Россияга каршы түзүлө албайт, Россия менен бирге гана орнотулат. НАТОнун да, Евробиримдиктин да бул жерде сөзү бир". Россияга каршы эмес, Россия менен чогуу. Кулакка жакшы угулат. Бирок иш жүзүндө алар өздөрү үчүн Украинаны, башкача айтканда Россиянын бир бөлүгүн каалаган убакта Кремлге каршы инструмент катары пайдалануу мүмкүнчүлүгүн калтырып келишет. Болбосо аны НАТОго кабыл алуу ыктымалдыгын калтырып эмне кереги бар эле?
Ал эми Россия бул тууралуу ооз ачса эле кризистен чыгуунун жолун талкуулабастан дароо эле согушка даярданып жатат деп айыптап чыгышат. Согуш ачат деген сөз да басаңдайт, анан эмне калат?
Бул жерде пропаганда менен реалдуулукту так ажырата билүү керек. Пропаганда го түшүнүктүү. Батыш Украинаны согуштан сактап калды, санкциядан корккон Москва кол салуудан баш тартты деген сөздүн айтылары турулуу иш. Англосакс жетекчилердин ички саясатындагы жөнөкөй эмес кырдаалды эске алсак, жогорудагы кепти жайылтууга болушунча аракет көрүлөт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Россия коопсуздук жаатында кандай кадамдарга барарын айтты
Пропаганданын экинчи тезиси Россияны түйшөлткөн маселелерди аны менен талкуулоо зарыл, бирок катаал позициядан тайбоо керек деген маанини камтыйт. Башкача айтканда, Украина боюнча бир да кадам артка жылбаш керек. Көпчүлүктө эч нерсе убадалабастан, Украинанын НАТОго кирүүсү тууралуу маселе жакынкы жылдары козголбой турганын бейрасмий түшүндүрүү зарыл.
Ал эми үчүнчү тезис боюнча Россия утулду, талаптары четке кагылды, Путин согушууга батына алган жок. Алсыз Россияны Батыш, жок, англосакстарга тийише коем деген Путин өзү чайпалтып алды...
Эми ушул тезистердин баарын ар кыл комбинацияда көрөбүз, бирок ага болгон реакция ток этер жерин көз жаздымда калтырбашы керек. Ал эң эле жөнөкөй.
Батыш Украинадан баш тартты. Толук эмес, бирок артка бир чоң кадам жасады. Россиянын катаал позициясы менен ойлоп табылган россиялык агрессиянын алдында атлантисттер Украинаны көзөмөлдөө каалоосунан кайтты. Бул АКШ элчилигин Украинанын батышындагы Львовго эвакуациялаганда даана билинди. "Чет жактан жардам келет" деп отурган Украина жетекчилигинин акыркы үмүтү ошентип таш капты.
Москва Киевге кол салмак эмес, Путин америкалыктардан Украинаны НАТОго киргизбөө боюнча кепилдикти азыр бере калат деп күткөн эмес. Бирок Россия негизи эле НАТОго кошулууга жол бербестигин көрсөтүп коюшу керек эле. Муну уккан сымал "орустардын кол салуусу" деген маалыматтык кампания жана аскерий инструкторлор менен элчиликтердин эвакуациялоо менен реакция жасашты. Россия тараптан бул Украинаны басып алуу боюнча эмес, андан батыштык "колдоочуларын" оолактатуу боюнча машыгуу болду. Иш-чара ийгиликтүү өттү.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Украинаны согушка жетелеп баратат