"Манас" театрына "улуттук" статусу ыйгарылды

Мындан ары аталган мамлекеттик мекеме "Кыргыз улуттук "Манас" театры" деп аталат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргыз мамлекеттик "Манас" театрына "улуттук" статусу ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
"Жарлык кыргыз элинин материалдык эмес маданий баалуулуктарын алып жүрүүчүлөрдүн, оозеки айтуучулардын иштөө системасын өркүндөтүү максатында кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.
Мындан ары аталган мамлекеттик мекеме "Кыргыз улуттук "Манас" театры" деп аталат.
Дооронбек Садырбаевдин доору... Сүрөттө калган ирмемдер