Депутат: тамак жебей оорушууда, студенттердин окуу графигин кыскартыш керек

Эл өкүлү ата-энелер "балдарыбыз окууну бүткөндө такыр эле оорукчан болуп калабы" деп кайрылып жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Студенттердин окуу графиги тыгыз болгондуктан тамактанууга убактысы жетпей, ашказан ооруларына чалдыгууда. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Венера Раимбачаева билдирди.
Мындан улам ал президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылып, студенттердин окуу жүктөмүн азайтууну сунуштады.
"Ата-энелер студенттерге көп күч келип жатканын айтып нааразы болууда. Убагында түшкү тамагын иче албай, гастрит, ашказан жарасы менен ооруп калгандар бар экен. Ушул маселеге көңүл буруп койсоңуздар. Мурда өзүнчө режим менен түшкү тамактанууга убакыт бөлүнчү эле. Азыр ошол убактысы аябай кыскарып калыптыр. Окуу жүктөмдөрү аябай көбөйдү, чай ичип, пирожки жеп алганга да жетишпейт экен. Анан окууга даярданам деп түнү да эки сааттан эле уктамай болуп калды. Ата-энелер мага "балдарыбыз окууну бүткөндө такыр эле оорукчан болуп калабы" деп кайрылууда", — деди Раимбачаева.
Эл өкүлү ЖОЖдордун окуу графигин карап чыгып, жүктөмдөрдү азайтып, тамактанууга көбүрөөк убакыт берүү керектигин белгиледи.