БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Президент дагы башка буйругу менен мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошоткон.
Кечээ, 16-февралда, парламент билим берүү жана илим министри кызматына Алмазбек Бейшеналиевдин талапкерлигин жактырган. https://sputnik.kg/20220216/ministr-alamazbek-bejshenaliev-parlament-zhaktyruu-1062098868.html Аны бул кызматка президент Садыр Жапаров сунуштаган. Натыйжада 76 депутат колдоп, каршы чыккандар болгон эмес.
Белгилей кетсек, Бейшеналиев 2021-жылдын июнь айында республиканын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп шайланган. Ошол эле жылдын августунда Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп дагы дайындалган. Ага чейин 2020-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын май айына чейин билим берүү жана илим министри кызматын аркалап келген.