БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында эки жашыруун оюн жайынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
15-февралда УКМК компьютердик оюн клубу сыяктуу кылып көрсөтүп, мыйзамсыз кумар оюндарын уюштурган жайды аныктады. Ага күн сайын 70-80ге чейин адам келип турганы айтылат.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 219-беренесинин 1-бөлүгү (“Кумар оюндарын өткөрүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу же күтүү, кумар оюндарын өткөрүү”) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Анын алкагында уюштуруучулар жана кумар оюндарын өткөрүүгө келген 30 адам кармалды.
Учурда тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.