Балдардын жаак сөөгү өспөй, тиши кыйшык чыгууда. Стоматолог Кыдыкбаеванын маеги

Адам ден соолугунун чың болушуна тиш да роль ойнойт. Учурда медициналык-профилактикалык программалар жок болгондуктан бул жаатта да саламаттыктын көрсөткүчү төмөн деңгээлде.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан редакциясында конокто Санжарбек Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунун стоматология кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Нуржан Кыдыкбаева болду. Ал тишти туура тазалоо баарынан маанилүү экенин белгиледи.
— Стоматологиянын күнгөй-тескейин билген адис катары тиш оорулары, калктын саламаттыгы тууралуу айтсаңыз?
— Учурда тиш оорулары менен жабыркагандардын саны көбөйүп бара жатат. Өзгөчө жаш балдар арбын. Өспүрүмдөр арасында тиш ооруларынын көбөйүшү балдар дарыгеринин санынын аздыгынан келип чыгууда. Анан да буга мектептерде медициналык-профилактикалык программалардын жоктугу себеп. Ата-энелер да жоопкерчилик менен мамиле кылып, убагында дарыгерге алып барып, ооруну алдын алуу процедурасынан өткөрүп туруусу абзел. Бала бакча, мектептерде атайын гигиенисттер иш алып барса, балдардын тишти сактоо боюнча туура маалыматы болор эле. Ата-энелер "сүт тиш өзү түшүп калат" деп баланы дарыгерге убагында алып келбей жүрө беришет. Аларга айтарым, тескерисинче, балдардын тишин кичинесинен сактоо керек. Антпесе тиш дарыгерине жана өзүңөргө да кыйын болуп калат. Акыркы кезде жаак сөөктөрү өспөй, натыйжада тиштери кыйшык өскөн балдарды көп алып келип жатышат. Ошол себептен башынан көңүл бурушубуз керек.
Нуржан Кыдыкбаева: бала бакча, мектептерде атайын гигиенисттер иш алып барса, балдардын тишти сактоо боюнча туура маалыматы болор эле
— Стоматологиянын да стоматолог-ортопед, ортодонт, гигиенист өңдүү бир канча тармагы бар. Кайсынысына көбүрөөк муктаждык жаралууда?
— Ооба, азыр стоматологиянын эл аралык практикасында тиш дарыгерлери ар кандай тармакка бөлүнүп калган. Алар стоматолог-ортопед, стоматолог-хирург, имплантолог, пародонтолог, ортодонт жана гигиенист болуп бөлүнүшөт. Советтер Союзунун жоюлушу менен медициналык-профилактикалык программаларды да жоготуп алдык. Азыр биз ага абдан муктажбыз. Кыргызстанда өзгөчө стоматолог-гигиенист адистигине талап жогору. Эки жылдан бери пилоттук долбоор менен медициналык колледжде гигиенисттер даярдалып жатат. Биз азыр тиш тазалоодо, өзгөчө балдар кандай тиш пасталарын колдонушу керектиги жана эрежелери тууралуу маалымат беришибиз керек. Элге ушундай маалыматтар жетпей жатат. Мунун айынан адамдар дарыгерге тиши курттап, оорусу күчөп кеткенде келишет. Айылда эмес шаардык бейтапканаларда да ушул көрүнүш.
— Ошол медициналык-профилактикалык программалар жүргүзүлүп турган маалдагы элдин саламаттыгын азыркыга салыштырсак...
— Мурда 60 жаштагылардын тиштери кадимкидей бүтүн болчу. Эми эмнегедир тиши начар балдардын мууну өсүп келе жатат. Азыр бизге профилактика үчүн эмес, көбү оорунун айынан келет. Айрым чет мамлекетте жашап же көрүп келгендер гана "балама керектүү бардык профилактикалык иштерди жасап бериңизчи" деп суранышат. Азыр профилактикалык ыкмалар абдан жакшырган. Балдардыкы да мыкты өнүккөн, түрлөрү да көп. Эч оорутпайт. Тескерисинче, балага да кызык.
Нуржан Кыдыкбаева: стоматологияда окутуучулар, илимий даража алган мугалимдер квалификациясын жогорулатышпайт
— Медицина жаатында технология өтө тездик менен өнүгүп жатат. Бизде адистерди даярдоо иши талапка шайкеш келип жатабы?
— Тилекке каршы, стоматологияда окутуучулар, илимий даража алган мугалимдер квалификациясын жогорулатышпайт. Анан дагы бир көйгөйлүү маселе, өнүккөн технологиялар менен окутуу, акыркы үлгүдөгү жабдыктарды үйрөтүү иши солгун. Бул жаатта теориялык жактан жөн гана окутуп коюу жетишсиз, ага практика керек. Ошол жабдыктарды адистерге көргөзүп, иштетип, окутуу абзел. Бирок бизде аларды алууга мүмкүнчүлүк жок, өтө эле кымбат. Бул окутуунун натыйжалуулугуна да таасирин тийгизип жатат.
— Тишти жакшы сактоо үчүн пастаны кантип туура тандап, кам көрүү керек?
— Тишти эртең менен турганда эле жууп калабыз. Ушинтип көндүрүп коюшкан. Чындыгында тишти эртең мененки тамактан кийин жууш керек. Тиш пастасынын түрү да абдан көп. Өзүн сыйлаган бренддеги тиш пасталары курамына эч кандай зыяндуу заттарды кошпойт. Бирок эсиңиздерде болсун, пастанын курамында фтор жана кальций элементи болгону оң. Өзгөчө кичинекейлерге ушул жагын дыкат кароо керек. Ар кандай чөп менен жасалган пасталардын да зыяны жок. Балдарга тишти туура жууганды үйрөтүп, кечки тамактан кийин да тазалатуу абзел. Кыргыздар баланын кийимин, кебетесин көзөмөлдөгөнүбүз менен тишин карабайбыз. Жыл сайын стоматологго алып келип турууну унутуп коёбуз.
Мага келген ата-энелер баласы көп таттуу жей турганын айтып даттанышат. Таттууну көп жегенден тиш бузулбайт, баары туура эмес жуугандан болот.
Ооздо толгон-токой бактериялар жашайт, алардын көбү кариес чакырат. Тиш убагында тазаланбаса бара-бара эмалы кетип, бузула баштайт. Жылына эки жолу стоматологго келип көрүнүп туруу керек. Азыр калктын эки пайызынын гана тиши таза, ал эми 90 пайызында кариес бар.
Ошол эле өңөрдү (налёт) тазалатпасак тамактануубузга да зыянын тийгизет. Өңөр тишти мыкты сактайт деген болбогон миф. Азыр фаст-фудга ооп бара жатабыз. Мунун баары тишке да таасирин берет. Тамак ичкенден кийин тишти жуубасак, эки саатка жетпей өңөр пайда болот. Ал анан ооздогу микробдордун тамагына айланат да андан эмалды эритүүчү кислота иштелип чыгат. Кариестин пайда болуу жолу ушундай. Же болбосо көбүнчө тиштин алдын эле тазалап арты кала берет. Мында да ушул көйгөй келип чыгат.
— Брекет, винир тагып тишин түздөйм деп эмалын кетирип, бузуп алгандар да кездешет...
— Азыркы убакта стоматологияда ортодонтия тармагы өзүнчө бөлүнүп калды. Буга чейин 10-20 жыл стоматолог болуп иштеген адистер ортодонт болуп кетишүүдө. Анткени бейтаптар көп.
Балдарга сабиз, алма өңдүү катуу нерсени жедирип туруу да пайда. Анткени тиш катууну кемиргенде жаак сөөгү туура өсөт. Илгери ата-энелер балдарга сөөк мүлжүтүп, кемирткени бекеринен эмес. Мунун пайдасы бар. Өспүрүмдөрдүн көбүнүн тиштери кыйшык. Алар мындан уялып, көйгөйдү сөзсүз ата-энесине айтып, ортодонтко барышат. Адис катары аларга "баргыла" деп айтам. Бирок сураштырып, мыкты ортодонт табуу керек. Антпесе тишти жабыркатып алуу мүмкүн. Анын үстүнө брекет кийгизүү өңдүү тишти калыбына келтирүү жумушунун натыйжасы эки-үч жылдан кийин билинет. Айрым учурда эки жылдан беш жылга чейин созулат.
Нуржан Кыдыкбаева: бир көйгөйлүү маселе, өнүккөн технологиялар менен окутуу, акыркы үлгүдөгү жабдыктарды үйрөтүү иши солгун
— Кош бойлуулар да стоматологго кайрылып, тишин дарылата алабы?
— Ооба, ооруп калса эмнеге болбосун. Түйүлдүккө жети ай толгуча келиндер тишин жулдуруп, тазалатып, дарылата берсе болот. Мурда өзүнчө медициналык кеңештер берилип турчу. Азыр андай жок болбогондуктан кыз-келиндерибиз көп нерсени билбейт. Кош бойлуу аял жети айга чейин тишин дарылатпаса, ал баласына генетикалык кодун берет. Башкача айтканда, наристенин да тиши начар чыгып калышы мүмкүн.
— Акыл азууну көптөрү жулдуруп эле салуу керек десе, айрымдары жулдурса тиштер жылып кетиши мүмкүндүгүн айтышат...
— Кудай берген тиштерди эмнеге жулуш керек. Көйгөйдүн баары акыл азууда эмес, тиштердин кыйшык чыгып калганында жатат. Жаак сөөк тар болгондо азуу тиш ашыкчадай сезилет. Ошондуктан кээ бирлер жулдургусу келсе керек. Чындыгында табигый жаралган нерсенин баары керек.
Жогоруда айткандай, азыр балдарга жалаң эле тишке жумшак каша, ар кандай витамин аралашмаларын көп беребиз. Бул да ошол тиштин кыйшык чыгуусун шарттоодо. Балага кемире турган тамактарды да бериш керек.
Нуржан Кыдыкбаева: теориялык жактан жөн гана окутуп коюу жетишсиз, студенттерге практика керек
— Тиш дарыгерлердин жетишпестиги көйгөй жаратпайбы? Көп мыкты адистердин чет өлкөгө кетип жатканы байкалат...
— Бул да азыркы убакта чоң маселе болууда. Анткени 20-25 жылдык эмгек тажрыйбасы бар адистер сыртка көп кетип жатышат. Квалификациясын жогорулатууга келгендердин баары жаштар. Негизи стоматологдун башкы көйгөйү — тиш ооруларын азайтуу болушу керек.
— КМШ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстандын тиш дарыгерлеринин деңгээли кандай?
— Жалпы так маалыматым жок. Бирок Казакстан алдыда экени маалым. Мен Дубайга барып калганда Борбордук Азия мамлекеттеринин арасынан стоматология жаатында Казакстанды гана таанышарын билдим. Бизде деле жаңы технологиялар менен иштеген тиш дарыгерлери бар. Ошентсе да эл аралык стоматологиялык уюмдардын талабы боюнча өлкөдө дарыгерлердин саны калктын санына туура келиши керек. Тилекке каршы, бизде тиш доктурлар аз. Ошол себептен эл аралык уюмдар бизге келип, адистерди окутуп-үйрөтүү иштерин жүргүзбөйт. Менин оюмча, Борбор Азияда деңгээли боюнча биринчи орунда Казакстан, анан Өзбекстан, үчүнчү орунда гана Кыргызстан турат.
Онколог Жекшенов: турмушка эрте же кеч чыккандарда ракка чалдыгуу кооптуулугу күч
Үшүк алганда ысык нерсе басууга же ысык ичүүгө болбойт. Пайдалуу маек